Жаңы окуу жылынын башталышы менен мектеп окуучуларынын китеп көйгөйү да башталды. Билим берүү жана илим министрлиги бул маселени кантип чечип жатат?
Министрликтин маалымат кызматы азыркы учурда “Учкун” ачык акционердик коомунда окуу китептери басылып жаткандыгын билдирди.
Ошол эле учурда министрлик окуучуларды электрондук китептерди колдонууга чакырып, ал https://kitep.edu.gov.kg/kg электрондук китепкана сайтында жайгаштырылганын маалымдады.
Окуучулар китептерди компьютер, телефонго жүктөп же кагаз түрүндө да басып чыгарып алса болот.
Ал эми 2024-2025-окуу жылдарында окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлгөн Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелри тарабынан колдонулууга уруксат берилген окуу китептеринин тизмеги министрликтин https://edu.gov.kg/posts/ сайтында бар экендиги айтылды.
“Мамлекет бизге эки жылдан бери китеп басууга 152 миллион бюджеттен акча бөлүп берип, 100 пайыз китеп басылып чыкты. Чыгып жаткан китептердин катарында инклюзивдик, майыптыгы бар балдарга арналган китептер да бар. Бул китептер биринчи жолу басылып, майыптыгы бар балдарга арналган Ош, Бишкек шаарларындагы атайын мектептерге таратылды”,- деп айтылат маалымат кызматынын билдирүүсүндө.
Мамлекет окуучулардын окуу китептерин басууну өзү колуна албагандыктан жана чаржайыт саясаттын жүрүшүнөн улам, чогулуп калган маселелердин баары кыска аралыктын ичинде чечилиши кыйын экендиги айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Ошондой эле бюджеттен бөлүнгөн акчага китептер мүмкүнчүлүктүн болушунча басылган менен толук керектөөлөрдү жаба албай жаткандыгы белгиленип, убактылуу ата-энелердин жардамына муктаждык жаралып жаткандыгы да айтылган.
Ал эми, “Мектептерде жок китепер базарда сатылып жатат. Муну министрлик көзөмөлдөйбү?” деген сурообузга,
-Биз, кайсы китептер окуу жылында окутула турган болсо, алдын ала тизмесин https://kitep.edu.gov.kg/kg сайтыбыз аркылуу кеңири электрондук форматта берип жатабыз. Бирок, бул да жетишсиз болууда.
Анткени, азыркы учурда республикабыздын мектептеринде 1 миллондон ашык окуучулар бар. Ар бир бала 14 тема боюнча окуй турган болгондо эле, китептердин жетишсиздиги келип чыгат. Ошондуктан жакын арада 12 жылдык окууга өтүүдө жаңы стандарттагы китептерди алып, китеп көйгөйүн жабууга мүмкүнчүлүктүн болушунча аракеттер көрүлүп жатат. Азыр китептер президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Учкун” Акционердик коомунда басылып чыгып, мамлекеттик саясат жүргүзүлүп, китептердин мазмуну, контенти каралып жатат”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин дүйнөлүк банктын гранты менен басылып чыгып турган кыргыз тилиндеги китептер Индиядан, Италия жана башка өлкөлөрдөн басылып келип турган. Анын үстүнө мамлекеттик саясат жүргүзүлүлбөгөндүктөн, автордук укуктар Билим министрлигине берилбей, китептер чаржайыт басылып келген.
Ошондой эле, былтыркы окуу жылындагы окуу китептердин, быйылкы жылдын окуу программасына дал келбей, окуу китептеринин авторлору жылда алмашып жаткандыгынын себеби, буга чейин авторлор менен иштешүү боюнча мугалимдерге эркиндик берилген. Ошондуктан Бишкек шаары боюнча көйгөй жаралып жатат. Бул маселени Бишкек шаардык билим берүү департаменти чечет. Мугалимдерге кайсы авордун китебин окутууну тандоо укугу берилген.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.



















