Лондондогу Квин Мэри университетинин окумуштуулары дүйнөдөгү эң кеңири таралган психоактивдүү зат – кофеин клеткалык деңгээлде картаюуну жайлатууга жөндөмдүү экенин аныкташты.
Изилдөө Microbial Cell журналына жарыяланды.
Мурунку илимий иштерде кофеинди карыган сайын пайда боло турган оорулардын тобокелин азайтуу менен байланыштырган, бирок анын так таасир механизми белгисиз бойдон калып келген. Бул жолу окумуштуулар экспериментти ачыткы клеткаларында жүргүзүшкөн — булар түзүлүшү жана физиологиясы жагынан адам клеткаларына окшош бир клеткалуу организмдер.
Алардын изилдөөсүнө ылайык, кофеин клетканын жашоосунун узактыгы менен байланышкан байыркы энергия системасын активдештирет.
Изилдөөнүн авторлору кофеин мурда ойлонулгандай TOR аттуу өсүү жөнгө салуучуга эмес, AMPK деген башка механизмге таасир этерин аныкташты. AMPK — бул клеткадагы энергия жетишсиздигин байкай турган фермент. Ал клеткага стресске туруштук берүүдө жана кайра калыбына келүүдө жардам берет. Кофеин дал ушул фермент аркылуу клетканын өсүшүнө, ДНКнын калыбына келүүсүнө жана зыянга туруктуулугуна оң таасир этет — булардын баары картаюу менен түздөн-түз байланышкан.
AMPK ошондой эле кант диабетине каршы колдонулуучу белгилүү дары — метформиндин таасир этүүчү бута-механизми болуп саналат. Жаңы ачылган кофеиндин иштөө механизми, окумуштуулардын айтымында, анын ден соолукка жана узак өмүргө пайдалуу болушунун себебин түшүндүрөт.
«Биздин жыйынтыктар кофеин метформин сыяктуу эле клетканын коргонуу механизмдерин активдештирерин көрсөтүп турат», — деди изилдөөнүн улук автору, доктор Харалампос Раллис. — «Бул кадимки заттар клетканын картаюусуна кандайча таасир этерин түшүнүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат».




















