Арабика сортундагы кофенин баасы шаршемби күнү Бразилиядан экспорт азаят деген күтүүлөргө байланыштуу кымбаттап жатат, деп кабарлайт Интерфакс.
Нью-Йоркто соода учурунда арабика фьючерстеринин баасы фунт үчүн $3,21 түздү. Кечээ ал акыркы алты жуманын эң жогорку көрсөткүчү болгон $3,27га чейин көтөрүлгөн.
АКШнын импортчулары 1-августта Вашингтон Бразилиядан келген товарларга 50%дык бажы салыктарын киргизгенден кийин, бразилиялык компанияларга жеткирүүлөрдү кечеңдетүү өтүнүчү менен кайрыла башташканын Бразилиянын тармактык уюму Cecafe билдирди.
Cecafe президенти Марсио Феррейранын айтымында, бразилиялык кофе өндүрүүчүлөрдүн эң ири кардарлары болуп саналган америкалык компаниялар күтүп туруу позициясын ээлеп, АКШ менен кийинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү боюнча жаңылыктарды байкап турушат.
«Алардын 30–60 күнгө жетчү запасы бар, бул аларга бир аз маневр жасоого мүмкүндүк берип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда бир аз күтө турууга шарт түзөт», – деген Феррейранын сөзүн Reuters келтирди.
Бразилия Соода министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөн кофе экспорту июль айында, жаңы америкалык бажы салыктары киргизиле электе, өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 20,4%га азайган.
Бразилия дүйнөдөгү эң ири кофе өндүрүүчү жана экспорттоочу өлкө болуп саналат.


















