Өзбекстандын жана мүмкүн болгон учурда Жер жүзүнүн эң кары жашоочусу — 130 жаштагы Хувайдо Умарованын (Тошматованын) жашы биринчи жолу расмий түрдө тастыкталды, деп билдирди Kazinform агенттиги өлкөнүн Адилет министрлигине таянып.
Министрликтин «Бир да адам документсиз калбайт» акциясынын алкагында бул айымдын 1895-жылдын 1-январында төрөлгөнү такталды.
Умаровага 1999-жылы берилген паспортто туулган күнү толук көрсөтүлбөгөндүктөн, анын жашын расмий таанууга бөгөт болуп келген.
Эми Хувайдо апа Өзбекстандын эң кары жараны катары расмий эсептелет. Узак жашоочунун туугандары анын жашын Гиннес рекорддор китебине киргизүү үчүн арыз бере алышат. Эгер эл аралык адистер анын жашын тастыкташса, Умарова азыркы учурдагы эң кары адам катары таанылат.
Азыркы учурда дүйнөдөгү расмий түрдө таанылган эң кары адам — 116 жаштагы британиялык Этель Кэтерэм.
Мурун Алматыдагы карылар үйүнүн 101 жаштагы тургуну узак жашоонун сыры менен бөлүшкөн.



















