Владимир Путин медицинадагы прогресс адам өмүрүнүн узактыгын кыйла арттыра алат деген ишенимин билдирди. Журналисттердин «Келечекте 150 жашка чейин жашоо мүмкүнбү?» деген суроосуна ал «ооба» деп жооп берди.
«Заманбап ден соолукту чыңдоочу ыкмалар, медицина, ал тургай органдарды алмаштыруу менен байланышкан хирургиялык мүмкүнчүлүктөр — адамзатка активдүү өмүр бүгүнкүдөй эмес, кыйла узагыраак уланат деген үмүт берет», — деди Путин. Ошондой эле ал мындай идеяларга мурда 2023-жылы 86 жашында лейкемиядан көз жумган Сильвио Берлускони кызыкканын эске салды.
Путин белгилегендей, ар кайсы өлкөлөрдө орточо өмүр узактыгы ар башка болгону менен, жалпы тенденция өсүп жатат. Ал БУУнун маалыматына шилтеме берип, 2050-жылга карата 65 жаштан ашкан адамдардын саны 5–6 жаштагы балдардын санынан ашып түшөрүн, бул болсо «олуттуу социалдык, саясий жана экономикалык кесепеттерге» алып келерин айтты.
3-сентябрда эртең менен, Бээжиндеги аскердик параддын алдында Путин менен Си Цзиньпин замандын технологиялары аркылуу өмүрдү узартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан. Алардын маегин түз эфирде көрсөтүп калышкан. Bloomberg белгилегендей, сүйлөшүү бир мүнөттөн аз созулуп, эфирде айрым үзүндүлөр гана угулган. Си Цзиньпин: «Мурда адамдар сейрек 70 жашка чейин жетчү, азыр болсо 70 жашта дагы баладайсың», — деген. Путин болсо биотехнологиянын өнүгүшү жана органдарды көчүрүп отургузуу мүмкүнчүлүгү өмүрдү узартууга жана атүгүл адамзатты түбөлүктүүлүккө жакындатууга шарт түзүшү мүмкүн экенин айткан.
Өмүрдү узартуу темасы Кремлде мурдадан бери талкууланып келет. 2024-жылдын сентябрында The Times басылмасы Путиндин айланасындагы бир чиновник орус илимпоздоруна картаюуга каршы изилдөөлөрдү тездетүүнү тапшырганын жазган. Басылманын маалыматы боюнча, Саламаттык сактоо министрлиги институттардан клеткалык картаюуга каршы, когнитивдик бузулууларга каршы, остеопорозду алдын алуу жана иммундук системаны чыңдоо боюнча иштеп жаткан ыкмалар тууралуу отчет талап кылган.
Бул программанын негизги кураторлорунун катарына Путиндин көп жылдык досу, Курчатов институтунун президенти 77 жаштагы Михаил Ковальчук кирет. Ал генетика жаатындагы мамлекеттик илимий программаны да жетектейт. Бул программага Россия президентинин улуу кызы Мария Воронцова да катышат. The Times бир орус изилдөөчүсүнөн мындай цитата келтирген: «Чоң башчы тапшырма койду, чиновниктер болсо аны аткарууга шашылыш киришишти».
Басылманын булактарынын айтымында, Ковальчук узак өмүр жана түбөлүк жашоо идеясын көптөн бери жактап келет жана аны президент аркылуу да жайылтып жүрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда Путиндин өзү заманбап технологияларга жеткиликтүү болгону менен, андан тышкары экзотикалык ыкмаларды да колдонору айтылат. Айрым булактар президент сибирь бугусунун мүйүзүнөн алынган экстракт кошулган ванналарды үзгүлтүксүз кабыл аларын, ага жашартуу касиети жана эркектик күчкө оң таасири бар деп эсептелээрин билдиришкен.

















