Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Окумуштуулар адам 150 жылга чейин жашай аларын аныкташты

  • Аналитика
  • 11.09.2025 15:42

Loading

Акыркы 20, 25 жыл аралыгында заманбап өнүккөн салттуу медицинада болобу же альтернативдүү медицинадабы,  айтор адамзат өзүнүн ден-соолугун чыңдоонун ар кандай ыкмаларын, кала берсе органдарды алмаштыруу аркылуу болсо да өмүр жашын узартуунун ар кандай жолун издөөдө.

Жакында эле ШКУ саммитинде  Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пекиндеги параддын алдында заманбап технологиялардын жардамы менен жашоонун узактыгын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшүп, бул темада кызуу талкуунун жаралышына жем ташташты.

72 жаштагы Си Цзиньпин менен Владимир Путиндин “адамдын жашоосун узартуу мүмкүнчүлүгү” жөнүндөгү кыска аралыктагы талкуусу учурунда, кытайдын лидери “Мурда адамдар 70 жашка сейрек жетчү, азыр болсо 70 жашта дагы баладайсың”,- деген сөзүнө өзгөчө маани берилди.

Тема боюнча

Кыргызстанда биринчи роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Кыргызстанда биринчи роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

10.09.2026

Лидерлердин бул маегинен кийин Путинге журналисттердин “адам 150 жашка чейин жашоого мүмкүнбү?” деген суроосуна ал “ооба” деген жооп узатты.

“Ден соолукту чыңдоонун заманбап ыкмалары, медициналык каражаттар, атүгүл органдарды алмаштырууга байланышкан хирургиялык ыкмалар адамзатка активдүү жашоо азыркыдан башкача уланат деп үмүттөнүүгө мүмкүндүк берет. Орточо жаш ар бир өлкөдө ар кандай, бирок жашоонун узактыгы бир топ узарат”,- деген Путин.

Бул талкууну улай фитотерапия жана гемотоскоп боюнча адис, дарыгер Бапаева Гүлсана Жунусовнага кайрылып, адам баласынын жашоосуна элдик медицинанын таасири канчалык экендигин сурадык.

Г. Бапаева: “ Алтернативдик медицинанын негиздерине ылайык, адам 120 жылдан 150 жашка чейин жашашы мүмкүн”

– Альтернативдик медицина заманбап медицина пайда боло электе эле бар болчу жана акыркы жылдарда тездик менен популярдуу болуп баратат. Бирок экөөнүн ортосунда чоң айырмачылыктар бар.

Альтернатива – бул чыныгы медицина. Анткени бул ооруну табигый ыкма менен дарылайт жана туура тамактануу менен адам жашын узартууга боло тургандыгын көрсөтүп келет.

Эгер адам туура тамактануу аркылуу табият менен таттуу мамиледе болсо, 120 жылдан 150 жашка чейин жашашы мүмкүн.

Медицинанын тарыхына кайрыла турган болсок, Джон Д. Рокфеллер менен Эндрю Карнеги табигый медицинаны өлтүрүп, бүгүнкү фармацевтикадагы дары-дармек империясын түзүшкөн.

1900-жылы Эндрю Карнеги деген америкалык миллиардер Д. Рокфеллер  врачты чакырып “Менде акча бар, кантип өмүрду узартсак болот?” дегенде ал дары ойлоп табат.

Джон Дэвидсон Рокфеллер (1839-1937) – америкалык мунай магнаты, өнөр жайчы жана филантроп. Ал эң бай америкалык жана  тарыхтагы эң бай адам катары таанылган.

Мына ошол 1900-жылы дары ойлонуп табылгандан кийин медицина экиге бөлүнүп калат.

Алтернативдик медицина – бул элдик медицинанын көбүрөөк колдонулушу. Ал эми официалдуу медицина – булар атайын дарылар менен дарылаган медицина.

1946-жылы миллиардер Джон Д. Рокфеллердин баласы дүйнө жүзү боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун түзөт. Ошол эле учурда дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлерин чогултуп, атайын дарылоонун протоколун киргизет.

Болду, ушундан баштап атайын протоколдун негизинде дарылоо кирет. Эгер протоколдон чыксаң, сен врач эмессиң деп эсептелген.

Бирок 1950-жылы кычкылтек терапиясы жана дарылоонун табигый ыкмаларынын адиси, профессор Иван Павлович Неумывакин “Медицина бекер эле экиге бөлүнүп калды. Алтернативдик медицинада көбүрөөк калышыбыз керек эле”,- деп айткан.

1931-жылы немис биохимиги, дарыгер, Нобель сыйлыгынын лауреаты Отто Варбург дагы элдик медицинаны адам өмүрүн узартылышына кошкон салымы зор экендигин өзүнүн изилдөөлөрүнө таянып далилдеген.

Бирок официалдуу медицинада фармацевтикалык бизнес күч алган үчүн алтернативдүү медицина жеңе алган эмес.

Жашоо узактыгына салттуу жана альтернативдик медицинанын таасири канчалык?

Медицина илиминин окумуштуулары адамдын ден соолугу жана узак өмүрү 10% ден соолук, 20% генетика, 20% экология жана айлана-чөйрөнүн абалынан, ошондой эле 60% жашоо образынан көз каранды экендигин айтып келишет.

2005-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адам баласынын жашоосун кыскарткан жана начарлаткан негизги ооруларынын 10 негизги себебин аныктаган. Аларга; жогорку кан басымы же гипертония. Семирүү жана начар тамактануу. Кандагы холестериндин жана башка майлардын жогору болушу. Төмөн физикалык активдүүлүк. Тамеки тартуу, ашыкча ичкилик ичүү, наркотик колдонуу, ичүүчү суунун сапатынын начардыгы жана абанын булганышын тастыкташкан.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо системасы өзүнүн заманбап акыркы үлгүдөгү медициналык аппараттары менен бейтаптарды коопсуз жана натыйжалуу диагноз коюп, аларды дарылоодо, калыбына келтирүүдө жана ооруларды алдын алууда чоң артыкчылыктар менен натыйжалуу күрөшүп келет.

Бирок медицинанын тарыхына көз чаптыра турган болсок, дарыгерлик адам баласынын алгачкы жашоо мезгилинде эле пайда болуп, тажрыйбалардын негизинде келип чыккан элдик медицинанын дарылоо ыкмалары аркылуу муундан-муунга сакталып келген.

Адистердин айтымында, альтернативдик медицина көптөгөн тажрыйбаларды жана ыкмаларды камтыйт. Алардын көбү “алтын ийне” аталышындагы ийне саюу менен дарылоо, гомеопатия, чөптөр аркылуу дарылоо жана башка көптөгөн байыркы илимдерге жана салттарга негизделип, айрыкча туура тамактануу менен адамдын ден – соолугун чыңдоо аркылуу өмүрдү узартууга болорун айтып келишет.

Бирок ар кайсы өлкөлөрдө калктын дээрлик 30%га жакыны дарылоонун альтернативдүү ыкмаларын практика турүндө колдонгондуктары маалым. Мунун дагы бир себеби, бейтаптардын дарыланууга болгон активдүү катышуусу жана медицинадагы дары-дармектердин, процедуралардын кымбаттыгы да адамдарды альтернатива издөөгө түртүп жаткандай таасир калтырат.

2025-жылга карата дүйнөдөгү өлкөлөр боюнча күтүлгөн жашоо узактыгы канча?

Бириккен Улуттар Уюмунун “Дүйнө калкынын келечеги” боюнча изилдөөсүнө ылайык, өмүрдүн узактыгында алдыңкы он өлкө жана аймактар аталып, алардын ичинде Сан-Марино -86 жаш, Гонконг, Япония, Түштүк Корея 85 жаш, ал эми Андорра, Франция Швейцария жана Австралия – 84 жашты түзгөн. Ошондой эле Монако дүйнөдө орточо жашоо узактыгы эң жогору өлкө катары каралган. Бул мамлекетте 2025-жылы төрөлгөн бала 87 жашка чейин жашай алары белгиленген.

Регионалдык жактан алганда эң жогорку жашоо узактыгы Батыш Европада. Чыгыш Европада бул көрсөткүч бир аз төмөн.

Ал эми Россияда 2025-жылы төрөлгөн бала 74 жашка чейин жашай алат.
Африканын бир катар өлкөлөрүндө адамдын өмүрү 60 жаштан аз, Нигерия үчүн болжолдонгон эң төмөнкү жашоо узактыгы 55 жыл.

Буга чейинки иликтөөлөргө ылайык, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен орточо жашоо боюнча лидерликте Өзбекстан турат. Бул өлкөдө узак жашоо 73,8 жаш деп эсептелген.

Тажикстанда бул көрсөткүч – 73,7, Казакстанда – 72,4, Кыргызстанда – 70,9 , Түркмөнстанда 70,4 жашты түзөт.

Сингапурлук окумуштуулар адамдын максималдуу өмүрүн белгилешти

Сингапурдун Gero биотехнологиялык компаниясынын, Roswell Park комплекстүү онкологиялык борборунун жана башка илимий мекемелердин изилдөөчүлөрүнүн эл аралык тобу адам жашоосунун биологиялык чегин белгилешти.

Nature Communications журналында жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, адамдын максималдуу өмүрү 120дан 150 жылга чейин.

Тимоти Пырков жетектеген илимпоздор АКШ, Улуу Британия жана Россиянын калкынын чоң топторунун маалыматтарын талдашкан.

Изилдөө үч курактык категорияда, эрте жетилген курак – 16-35 жаш, орто курак – 35-65 жаш жана карылык 65 жаштан жогору деп белгиленген. Ошодой эле картаюунун негизги көрсөткүчү катары кан клеткаларынын саны жана катышуучулардын күнүмдүк физикалык активдүүлүгү колдонулган.

Окумуштуулардын айтымына караганда, жаш өткөн сайын организм оорулардан жана травмалардан толук айыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн жоготоорун, бул зыяндын акырындык менен топтолушуна алып келет. Мындан тышкары, организм акыры калыбына келүү жөндөмүн жогото турган оор абал 120-150 жашта болот.

“Сhampionat” басылмасынын маалыматына караганда, дүйнөлүк узак жашоонун рекордуна 1845-жылы туулган франциялык 122 жыл 164 күн жашаган Жанна Луиза Калмент чыккан. Ал тарыхтагы эң улгайган аял расмий наамын алган.


Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ден соолукмедицинаузак жашаган адам
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иран тукумсуздукту изилдөө боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээледи

Иран тукумсуздукту изилдөө боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээледи

16.11.2026
Кыргызстанда биринчи роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Кыргызстанда биринчи роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

10.09.2026
Саламаттык сактоо министри  Д. Осмонов: “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү”

Саламаттык сактоо министри  Д. Осмонов: “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү”

08.09.2026
Кытай Борбор Азия менен медицина тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүдө

Кытай Борбор Азия менен медицина тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүдө

03.09.2026
Иранда Россиянын жогорку окуу жайларына тапшырууга даярдаган колледж ачылат

Иранда Россиянын жогорку окуу жайларына тапшырууга даярдаган колледж ачылат

25.08.2026
Эслами: Ирандын өзөктүк технологиялары 1,5 млн бейтапка медициналык кызмат көрсөтүүдө

Эслами: Ирандын өзөктүк технологиялары 1,5 млн бейтапка медициналык кызмат көрсөтүүдө

25.08.2026
Узак жашагандардын канынан ракты жок кылуучу сейрек иммундук клеткалар табылды

Узак жашагандардын канынан ракты жок кылуучу сейрек иммундук клеткалар табылды

22.08.2026
Россияда ракка каршы жаңы дары пайда болот

Россияда ракка каршы жаңы дары пайда болот

19.05.2026
Кыргызстанда  жүрөккө скальпелсиз операция жасалды

Кыргызстанда  жүрөккө скальпелсиз операция жасалды

25.04.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.