АКШ 1-августтан тарта Бразилиядан импорттолгон бардык товарларга 50% көлөмүндө тариф киргизерин жарыялагандан кийин арабика сортундагы кофенин баасы кескин өсүүдө.
Бейшемби күнү Нью-Йорктогу соода жүрүшүндө арабиканын фьючерстик баалары 3,5% дан ашык жогорулады. Саат 15:33кө карата котировкалар 1,5%га өсүп, фунту $2,88га жетти.
«2025-жылдын 1-августунан баштап, биз Бразилиядан АКШга жөнөтүлгөн бардык товарларга, тармактык тарифтерден тышкары, 50% бажы төлөмүн салабыз», — деп жазылган Дональд Трамп Бразилия президенти Луис Инасиу Лула да Силвага жөнөткөн катында. Бул кат АКШ лидеринин The Truth Social социалдык тармагында жарыяланды.
АКШнын президенти мындай тарифтер «Бразилиянын АКШдагы эркин шайлоолорго жана америкалыктардын сөз эркиндиги боюнча негизги укуктарына жасаган чыккынчылык менен каралоолоруна жооп» катары киргизилип жатканын белгиледи.
Lavazza Group компаниясынын башчысы Жузеппе Лавацца мурда билдиргендей, АКШга Европадан товар импорттоого болгон бажы төлөмдөр көйгөй жаратпайт, бирок кофе өндүрүүчү негизги өлкөлөрдөн — Бразилия жана Вьетнамдан — товар ташууга киргизилген тарифтер АКШдагы керектөөчүлөр үчүн кофенин баасынын жогорулашына алып келиши мүмкүн.
«Маселе Америка менен Европанын ортосундагы бажы төлөмдөрдө эмес. Маселе АКШ менен Бразилиянын, АКШ менен Вьетнамдын жана башка кофе өндүрүүчү өлкөлөрдүн ортосундагы тарифтерде, — деди ал. — Акыры, бул АКШда кофенин баасынын өсүшүнө алып келет».

















