Нигерде бийликти басып алган козголоңчулардын лидери генерал Абдурахман Тчиани өткөөл өкмөт түзүү тууралуу жарлыкка кол койгонун ActuNiger порталы билдирди.
“Мекенди коргоо боюнча улуттук кеңештин” төрагасы, мамлекет башчысы 2023-жылдын 9-августунда өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду”, – деп жазылат маалыматта.
Кабинетке 21 министр кирди. Ошол эле учурда берилген тизме боюнча саналуу гана адамдардын аскердик наамы бар.
26-июлда Нигердин президенттик гвардиясынын мүчөлөрү улуттук телевидение аркылуу сүйлөп, мамлекет башчысы Мохамед Базум кызматтан кеткенин жана чек аралар жабылып, коменданттык саат киргизилгенин жарыялашкан.
Ага чейин гвардиячылар борбор калаа Ниамейдеги президенттик сарайды тороп алышкан. Гвардиянын командири генерал Абдурахман Тчиани “Мекенди коргоо боюнча улуттук кеңештин” жетекчиси катары теле эфирден чыгып сүйлөгөн.
Армиянын командачылыгы козголоңчулар менен тилектештигин билдирген. Кулатылган президент Мохамед Базум АКШга жана эл аралык коомчулукка кайрылып, өлкөдө конституциялык тартипти калыбына келтирүүгө чакырган. Төңкөрүштү ЭКОВАС, Евробиримдик, Франция жана башка бир катар мамлекеттер айыптап, Базумду бошотууну жана анын президенттик кызматын калыбына келтирүүнү талап кылышты.
Нигер президенти учурда резиденцияда үй камагында кармалып турат.