Глобалдык жылуулук планетанын климаттык тарыхында бурулуш мезгилге айланып, 2023, 2024 жана 2025-жылдар бири-бирин кайталаган абдан ысык жылдар катары катталууда. Ошондуктан илимпоздор жана климаттык уюмдар муну адамзатка олуттуу эскертүү катары кабыл алууга чакырышат.
2023: Акыркы 2000 жылдагы эң ысык жай
2023-жылдагы жай мезгилин окумуштуулар “акыркы 2000 жылда бир жолу кайталана турган ысык мезгил” деп мүнөздөшкөн. Эл аралык изилдөөлөр жана Bloomberg агенттиги жарыялаган илимий маалыматтарга ылайык, 2023-жылдагы температура 1850-жылдан бери биринчи жолу катталган.
Дүйнөлүк метеорология уюму (WMO) 2023-жылды расмий түрдө тарыхтагы эң ысык жыл деп жарыялаган. Анда алгачкы он айдагы глобалдык орточо температура өнөр жай революциясына чейинки деңгээлден 1,4°C жогору болгон.
2024: Рекорддор уланды
2024-жылы да климаттык абал турукташмак турсун, тескерисинче, дагы курчуп кеткен. Европанын “Коперник” климат кызматы былтыркы апрель айынан тарта рекорддук ысык болгонун билдирген. Климаттык кызмат апрель айында орточо глобалдык температура нормадан 1,58°C жогору болгонун жазган.
Британиянын метеорология кызматы бул жылы температура 1,5°C чегинен ашып кетиши мүмкүн экенин эскерткен. Бул чекти адамзат 2015-жылдагы Париж климаттык келишиминде “коркунучтуу чек” катары кабыл алышкан болчу.
2025: Климаттык ысык абалдын курчушу уланууда
2025-жыл да ысык күндөр менен башталып, Түндүк жарым шарда март жана апрель айларында бир нече жаңы температуралык рекорд катталды. Дүйнөлүк метеорология уюму, Copernicus Climate Change Service (C3S), Berkeley Earth, Carbon Brief сыяктуу климат илимдери негизинде глобалдык температура 2025-жылы дагы рекорддук деңгээлге жетиши мүмкүндүгү жөнүндө эскертүүдө.
Быйыл глобалдык температура январь айында: +1.75 °C, мартта: +1.55 °C, ал эми май айынды: +1.4 °C айырма берген. Адистер бул тенденциянын уланышын Тынч океандагы Эль-Ниньо кубулушу жана техногендик парник газдарынын таасири менен түшүндүрүшүүдө.
“Биз тарыхтын масштабында караганда, акыркы үч жылдагы жылуулуктун масштабы өтө кооптуу. Эгер парник газдарынын бөлүнүшүн токтотпосок, планетанын экосистемаларына кайтаргыс зыян келиши мүмкүн”,-деди Кембридж университетинин климатологу Ульф Бюнтген.
Климаттын тездик менен өзгөрүшү кургакчылык, суу каптоо, орточо өмүр узактыгынын кыскарышы, айыл чарбасынын түшүмдүүлүгүнүн азайышы жана глобалдык гуманитардык кризиске алып келиши мүмкүн. Илимпоздор климаттык өзгөчөлүктөрдү турукташтыруу үчүн парник газдарынын бөлүнүшүн кыскартууга, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө, глобалдык климаттык келишимдерди аткарууга чакырышат.
Үч жыл катары менен кайталанган рекорддук ысыктар – бул кокустук эмес экенин, бул – адамзаттын климатка тийгизген таасири кандай коркунучтуу деңгээлге жеткенин далилдеген факт экенин белгилеген илимий дүйнө “азыр аракет кылбасак, кийин кеч болуп калышы мүмкүн” деп эскертишет.
Ошентип быйылкы жылы глобалдык температура нормадан 1.5 °C чегин басып өтүп, жаңы рекорддор орнотулушу ыктымал экени жана мындай көрүнүш климаттын тез арадагы курчушу жана тез арада чара көрүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөөрүн билдирген.


















