Непалдын шаарларында нааразычылык акциялары өтүп жатат. Демонстранттар өкмөттөгү коррупцияга жана социалдык тармактарга тыюу салууга каршы чыгышты. 8-сентябрда башталган акциялар башаламандыкка айланды. Каза болгондор жана жабыркагандар бар.
Непалдын борбору Катмандуда жана башка шаарларда өткөн нааразычылыктар учурунда кеминде 19 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты.
Бул тууралуу The Kathmandu Post басылмасы кабарлады. Жабыркагандардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери да бар.
Нааразычылыктар күчөгөн райондордо коменданттык саат киргизилди. Коопсуздук күчтөрү Катмандунун маанилүү кесилиштерин кайтарып турушат.
Көчөгө чыккан жаштар өкмөттөгү коррупцияга жана жакында бийлик тарабынан Facebook, X жана YouTube сыяктуу негизги социалдык медиа-платформаларды бөгөттөө чечимине каршы чыгышты.
Полиция менен кагылышкан демонстранттарды таркатуу үчүн укук коргоо кызматкерлери суу аткычтарды, көздөн жаш агызуучу газды, дубинка жана резина окторду колдонушту.
Эмне үчүн соцтармактарга тыюу салынды?
Непал өкмөтү социалдык тармактарга тыюу салбаганын, аларды мыйзамга ылайык келтирүү аракетин көрүп жатканын билдирүүдө.
Бийликтин айтымында, болжол менен 20 социалдык тармак өлкөнүн мамлекеттик органдарында расмий каттоодон өтпөгөндүгү үчүн бөгөттөлгөн.
Расмийлердин маалыматы боюнча, бул компанияларга буга чейин каттоодон өтүү зарылдыгы тууралуу бир нече жолу эскертүүлөр берилген. Белгилүү болгондой, TikTok, Viber жана дагы үч платформа каттоодон өтүп, үзгүлтүксүз иштеп жатат.
2023-жылы Непал TikTok тиркемесин “адеп-ахлакка туура келбеген материалдарды жайылткан” деген жүйө менен тыюуга алган. Бирок былтыр TikTok жетекчилери жергиликтүү мыйзамдарды сактоого убада бергенден кийин тыюу алынган.


















