Россиянын Тышкы иштер министрлиги башка өлкөлөрдүн бийликтерин жана эл аралык уюмдарды Украина тарап 9-Май майрамын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылса, Киевдин борборуна сокку урулушу мүмкүн деген Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө олуттуу мамиле кылууга чакырды.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөргө Киевдеги элчиликтердин кызматкерлерин эвакуациялоону камсыз кылуу өтүнүчү менен нота жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Россиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Анын комментарийи министрликтин сайтында жарыяланган.
«Россиянын Тышкы иштер министрлиги сиздин өлкөнүн бийлигин жана уюмуңуздун жетекчилигин бул билдирүүгө өтө жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана Киев шаарынан дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин, ошондой эле жарандарды алдын ала эвакуациялоону камсыз кылууга чакырат. Анткени Киев режими Улуу Жеңиштин 81 жылдыгын майрамдоо күндөрүндө кылмыштуу террордук пландарын ишке ашырууга аракет кылса, Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрү Киевге, анын ичинде чечим кабыл алуу борборлоруна жооп иретинде сокку уруусу сөзсүз болот», — деп Захарова нотадан цитата келтирди.
Мындан тышкары, Россиянын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бул тууралуу аккредитацияланган өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга да маалымат берип жатканы кошумчаланды.
«Бизге Батыштагы жамааттык азчылыктын 9-Майга болгон мамилеси жакшы белгилүү: алар советтик мемориалдык мурастарды системалуу түрдө жок кылып, советтик жоокерлердин сөөгүн казып чыгарып, тарыхты бурмалап жатышат. Алар Украинаны куралдандыруу аркылуу Киев режиминин кылмыштуу пландарынын шериктештери болуп саналат. Бирок бул учурда алар өзүн-өзү сактоо инстинктин унутпашы керек. Биз агрессия позициясынан эмес, агрессияга сөзсүз жооп берүү позициясынан чыгып жатабыз», — деди Захарова.
Ал Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин мүмкүн болгон жооп соккусу тууралуу билдирүүсүн «өтө олуттуу» кабыл алуу керектигин белгиледи.
4-майда Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги 8–9-май күндөрүнө ок атышууну токтотуу режимин жарыялаган. Билдирүүдө орус тарап Украина дагы ушундай кадамга барат деп күтүп жатканы айтылган.
Ошондой эле, эгер украин тарап Жеңиштин 81 жылдыгын майрамдоону үзгүлтүккө учуратууга аракет кылса, Россиянын Куралдуу күчтөрү Киевдин борборуна массалык ракеталык сокку урары эскертилген.
«Киевдин жай тургундарын жана чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин шаардан өз убагында чыгып кетүүгө чакырабыз», — деп айтылган Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.



















