Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи өзүн жакшы сезип жатат, ишин улантууда жана жакын арада элге кайрылуу жасашы мүмкүн. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Ирандын жогорку лидеринин Индиядагы өкүлү Абдул Маджид Хаким Илахи билдирди.
«Ал ден соолугу жакшы, күн сайын кеңсесине келип, ар кандай делегацияларды жана расмий өкүлдөрдү кабыл алууда. Биз жакын арада лидер элге түз кайрылуу жасайт деп үмүттөнөбүз», — деди ал.
Илахинин айтымында, кечээ Хаменеи атасы — мурдагы жогорку лидер Али Хаменеи дүйнөдөн кайткандыгына 40 күн толгондугуна байланыштуу билдирүү жарыялаган.
Ошондой эле ал Хаменеи тарабынан кол коюлган документтерди алып турганын белгиледи. «Мен анын кол жазмасын тааныйм», — деди ал.
Буга чейин The Times гезити чалгын маалыматтарына таянып, жогорку лидер дарыланып жатат жана чечим кабыл алууга катышпай жатат деген маалымат тараткан.
28-февралда АКШ жана Израиль Иранга каршы согуштук аракеттерди баштаган. Соккулар Тегеран баш болгон ири шаарларга жасалган. Ак үй бул аракеттерди Иран тараптан келип жаткан ракеталык жана ядролук коркунучтар менен негиздеген. Ошондой эле АКШ жетекчилиги Иран элин өз өкмөтүнө каршы чыгып, бийликти басып алууга ачык чакырган.
Бул соккулардын натыйжасында Ирандын мурдагы жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жана ислам республикасынын башка бир катар жогорку даражалуу өкүлдөрү каза болгон. Жооп катары Иран Израилге жана АКШнын Бахрейн, Иордания, Катар, Кувейт, БАЭ жана Сауд Арабиясындагы объекттерине каршы операцияларды баштаган.

















