Иран Евразия экономикалык биримдигине байкоочу мамлекет деген макамды алат.
Бул тууралуу Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин “Россия гезити” басылмасына берген маегинде билдирди.
“ЕАЭБдин тышкы байланыштарын чыңдоо дагы көнүл чордонунда турат. Биримдиктеги байкоочу мамлекеттердин чөйрөсү кеңейүүдө. Мындай макам Өзбекстан менен Кубадан тышкары Иранга да берилет”, – деди Мишустин.
Мындан тышкары, анын айтымында ЕАЭБдин төрт өлкө менен эркин соода келишими бар.
“Биз башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз продукциябызды глобалдык рынокко чыгаруу жана Биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн атаандаштыкка жарамдуу баада продукцияларды алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, – деди Мишустин.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдан август айында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында Ирандын Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) байкоочу макамын алуу өтүнүчү каралып, консультацияга катышкандар Тегерандын бул ниетин кубатташкан.
Иран ЕАЭБде байкоочу мамлекет статусун алууга кызыгуусун билдиргенин үстүбүздөгү жылдын июнь айында Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын башчысы Бакытжан Сагинтаев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирген.
Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук бул макамды алуу үчүн белгилүү бир процедуралар бар экенин, бирок алар ишке ашса, Иран болжол менен ушул жылдын декабрынын аягында байкоочу боло аларын билдирген.
Учурда ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Өзбекстан, Куба жана Молдова уюмда байкоочу статусуна ээ.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрында Санкт-Петербургда Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Документ 2019-жылдан берки убактылуу келишимдин ордун басат. Учурда ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүргүзүү боюнча келишим ратификациялоо процедурасынан өтүп жатат.
Убактылуу соода келишиминин иштөөсүнүн акыркы беш жылында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү эки эседен ашык өскөн. 2019-жылы 2,4 миллиард доллар болсо, 2023-жылы 5,2 миллиард долларга жеткен. Сооданы өнүктүрүүнүн оң динамикасы 2024-жылы да уланган.


















