Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Мирлан Дүйшөнбаев: «Ыймансызга кашык сунса, беш уурттайт»

  • Аналитика
  • 10.04.2023 00:27

Loading

Президент Садыр Жапаров парламент өткөн жылдын 28-декабрында кабыл алган “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзам долбоорун сын-сунуштар менен артка кайтарды.

Мамлекет башчысы ал долбоордун 18 пунктуна каршы болуптур. Биринчиси, Президенттин пикирине ылайык, ал Конституциялык эмес, катардагы эле мыйзам болушу керек. Экинчиси, азыркы долбоор боюнча депутатты суракка түгүл, бир түйүндүү маселе боюнча Өкмөткө, Президенттик администрацияга чакырууга да мүмкүн эмес. Мамлекеттик органдардын баары депутатка ийилип келип, баш уруп, өтүнүчтөрүн айтып, эгерде ал макул болсо, ал маселе боюнча маалымат ала алышат, кокус эл өкүлү андай деңгээлге түшкүсү келбесе, анын каалоосу жок эч нерсе кыла алышпайт. Кокус депутат автоунаа башкарып баратып, жол эрежесин бузмак түгүл, авария жасаса да анын документин текшергенге эч кимдин укугу жок. Ал эми депутаттын мандатын чакыртып алууну –депутаттар өздөрү мамлекет башчысына импичпент жарыялагандан да татаал кылып салышкан. Бир сөз менен айтканда, ынсапсызга кашык сунса беш уурттайт дегендей, мыйзам жазуу укугу өздөрүндө экенинен пайдаланышып ЖКнын бул жолку чакырылышынын депутаттары өздөрүнө таптакыр кол тийбес долбоорду даярдашып, майрамдын алдында ал кокус өтүп кетеби деген тейде мамлекет башчысына жөнөтүп коюшкан.

Азыр дүйнөнүн басымдуу көпчүлүк өлкөлөрүндө парламент пикир алмашуучу платформалардын ролдорун гана аткарышат. Реалдуу бийликтери деле болбойт. Парламенттик өлкөлөрдө деле башкаруучу партиянын лидери көп маселелерди парламентке жеткирбей чечип, депутаттарды факты менен гана тааныштырып коёт. Ал эми өтө маанилүү эл аралык, аскердик сырларга байланышкан маселелерди аткаруу бийлигиндегилер өздөрү оптималдуу деп тапкандай гана чечишет. Азыр дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өзөктүк куралдар, баллистикалык ракеталар ж. б. сыяктуу жогорку технологиялардагы кымбат долбоорлор жашыруун ишке ашырылууда. Алар 1942-жылдагы “Манхеттен” долбоорундай эле, өтө чоң чыгымдарды талап кылгандыгына карабастан парламентте каралбаган, макулдашылбаган, антсе ошонун эртеси ал өз маанисин жоготмок, мында айтайын дегеним, мамлекеттик өтө жашыруун нерселерге байланышкан материалдарды сураганга депутаттардын укуктары болбошу керек. Он депутат билген нерсе, бир жумага жетпей бүткүл дүйнөгө белгилүү болот. Тилекке каршы, биздин алабарман депутаттар баардык нерселерге кийлигишип, радиожыштыктар, сырттан сатылып алынып жаткан курал-жарактар, алардын техникалык өзгөчөлүктөрү сыяктуу улуттук коопсуздукка байланышкан нерселерди деле талап кыла беришет. Мыйзам долбоорунда мына ушул жагдай так жөнгө салынган эмес.

Тема боюнча

Кыргызстан менен Өзбекстан парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоодо

Кыргызстан менен Өзбекстан парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоодо

13.05.2025

Депутаттар өз ыйгарымдарын, укуктарын мамлекет башчысы менен өкмөт башчысынын укуктарына теңегилери келиши да мүмкүн, бирок мамлекет башчысы өлкөдөгү баардык абалга жооп берсе, Өкмөт экономикадагы, социалдык чөйрөдөгү абалдарга керт башы менен жоопкерчиликте. Ал эми депутаттар саясый, экономикалык, социалдык чөйрөлөрдү мындай кой, өздөрү демилгелеген мыйзамдар үчүн да жооп беришпейт. Ошондуктан мыйзам долбоорунун автору Марлен Маматалиевге окшоп, “биз Президент кайтаргандардын жарымына макул болсок да, калган бөлүгүн сактап калуу үчүн аягына чейин турушубуз керек” деп көкүрөгүн ургулаганы өтө эле алабармандыктай көрүнүүдө. Бекем турмак түгүл, туураларынан жатып алышса деле Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жактырган вариант гана өтөрүн бапылдаган балакайлар эстеринен чыгарбаса жакшы болот эле.

“Жаңы Ордо”.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Депутаттын статусуКРнын Жогорку Кеңеши
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Депутаттыкка талапкерлер элге эми кандай убада берет?

Депутаттыкка талапкерлер элге эми кандай убада берет?

27.09.2025
Кыргызстан менен Өзбекстан парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоодо

Кыргызстан менен Өзбекстан парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоодо

13.05.2025
Жогорку Кеңеште Эл аралык карылар күнү белгиленди

Жогорку Кеңеште Эл аралык карылар күнү белгиленди

30.09.2024
Мамлекеттик объектилерди чет өлкөлүк жарандардын менчигине өткөрүп берүү канчалык туура?

Мамлекеттик объектилерди чет өлкөлүк жарандардын менчигине өткөрүп берүү канчалык туура?

28.05.2024
С. Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча кол чогултулууда  

С. Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча кол чогултулууда  

28.05.2024
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатын тапшырды

13.03.2024
Т. Масабиров: “Электрондук вейп чылымдар менен энергетикалык суусундуктарды  көзөмөлдөө керек”

Т. Масабиров: “Электрондук вейп чылымдар менен энергетикалык суусундуктарды  көзөмөлдөө керек”

30.01.2024
ЖК төрагасы кыз-келиндерге зордук-зомбулук жана жол тыгыны маселесин көтөрдү

ЖК төрагасы кыз-келиндерге зордук-зомбулук жана жол тыгыны маселесин көтөрдү

22.11.2023
Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган конференцияга КМШ өлкөлөрүнүн спикерлери катышты

Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган конференцияга КМШ өлкөлөрүнүн спикерлери катышты

17.11.2023

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.