Кыргызстанда ушул тапта мамлекет тарабынан өлкө жарандарына ипотека менен берилүүчү 11 миң батир курулуп жатканы белгилүү болду. Муну “Мамлекеттик ипотекалык компания” ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, ипотекалык батирлердин жалпы аянты 700 миң чарчы метрди жана жалпы суммасы 36 млрд сомду түзөт.
Жээмбаев билдиргендей, учурда мамлекеттик ипотека менен алынган батирлер 25 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөөгө берилет. Ал эми ипотека үстөгү бюджеттик кызматкерлер үчүн 4%, башка жарандарга 8%. Биринчи этабы быйыл жыл аягына чейин бүткөрүлөт.
Мындан тышкары чет мамлекеттерде эмгектенип жүргөн мигранттарга да ипотекалык үйлөр келишимдин негизинде каралары кабарланган.
Бүгүнкү күнү жеңилдетилген батир алуу үчүн кезекте 28 миңдей адам турат.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын декабрь айында мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүчү үйлөрдүн ачкычы үй ээлерине тапшырылган. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүчү үйлөрдүн ээлерине ачкычтарды тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышкан.
МИК 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Аталган компания учурда бул багытта үч программа ишке ашырылып жатканын билдирген. Биринчиси “социалдык ипотека” деп аталат жана бул категорияга көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой ата-энелер, майыптыгы бар жарандар, элетте жашаган жаш адистер кирет. Алардын 4%ы үстөк менен турак жай алууга мүмкүнчүлүгү бар.



















