Казакстанда журналисттердин кесиптик майрамынын алдында Президент Касым-Жомарт Токаевдин атынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир катар кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу Kazinform агенттиги билдирди.
Президенттик демилгелердин Dara фонду уюштурган салтанаттуу иш-чарада Президенттин кеңешчиси – басма сөз катчысы Айбек Смадияров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, мамлекет башчысы негиздеген бул жакшы салт төртүнчү жыл катары менен уланып жатканын белгиледи.
Ал белгилегендей, быйылкы жылдын негизги жаңычылдыгы – батирлер мурдагыдай борбор калаада гана эмес, Алматы шаарында жана өлкөнүн бардык облустарында да бериле баштаганы болду.

«Бул демилгенин негизги максаты – аймактык журналистиканы өнүктүрүү жана кесиптештерди социалдык жактан колдоо. Натыйжада кесиптик майрамдын алдында аймактык басылмалардын кызматкерлери жана республикалык маалымат каражаттарынын кабарчылары өз үйлөрүнө ээ болушту. Өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы кесиптештерибиз да көңүл сыртында калган жок. Мисалы, быйыл Костанай облусунун Аркалык шаарындагы жана Түркстан облусунун Созак районундагы журналисттер жаңы конуш тойлорун белгилешет», — деди Президенттин басма сөз катчысы.
2026-жылы ЖМК кызматкерлерине жалпысынан 66 батир берилди. Алардын ичинен:
15 батир – Астана шаарында;
15 батир – Алматы шаарында;
өлкөнүн 18 аймагынын ар бирине 2ден батир бөлүнгөн.

Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж кызматкерлердин тизмеси Dara президенттик демилгелер фонду, Президенттин Иш башкармалыгы, жергиликтүү аткаруу бийлик органдары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялары менен биргеликте түзүлгөн.
Белгилей кетсек, акыркы үч жыл ичинде Президенттин атынан 200 ЖМК кызматкери турак жай сертификаттарына ээ болгон.




















