Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ички жобосунун негизинде ипотекадан турак жай алган адам төлөмдү 3 ай кечиктерсе батир мамлекетке кайтарылат жана мурдагы төлөнгөн акчасы кайтарылбайт.
Ал эми Мамлекеттик ипотекалык насыя берүүдө жарандардын кирешеси дагы бир жолу каралат.
Муну компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов 10-январда Бишкекте өткөн брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымына караганда, батирдин акчасын эмне себептеп төлөй албай калды, ага эмне таасир эткендиги боюнча каралып, 90 күндүн ичинде кардар менен иш алып барылат. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Кардар төлөмдү өткөрүп жиберсе ага чейин төлөгөн каражаты да кайтарылбай тургандыгын эскертти.
Н. Баясов “Менин үйүм” программасына катышып, турак жайды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар: бир бөлмөлүү батирди эки бөлмөлүүгө, экини үч бөлмөлүү батирге алмаштырса болот. Бул жарандын финансылык мүмкүнчүлүгүнө жана балдарынын санына жараша жасалат. Келечекте МИК боюнча эмес, өз турак жайы бар жарандар да кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”, -деди.
Буга чейин президент Садыр Жапаров да бул маселеге токтолуп “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирен.
Анда мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компаниядан турак жай алгандар акчаны өз убагында төлөп турушу керектигин, кээ бир жарандар кирешеси чектелүү экенине карабай дароо 2-3 бөлмөлүү батир алып алгандар бар деп айткан.
“Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлык чыккан.
Мигрант болуп жүргөн кыргызстандыктар дагы арзан ипотекага үй алса болот. Бирок сыртта эмгектенип жүргөндөр үлүштүк турак жай курулуш программасына катышыш керек.
Кимдер батир ала албайт?
Жашы 19га жетпесе;
Соңку үч жыл ичинде кыймылсыз мүлк боюнча келишимдер түзүлсө;
Жаран чет өлкөгө көчүп кетсе;
Үйү бар болсо;
Жаран үйлөнүп же турмушка чыкканда жубайынын үйү болсо;
Туруктуу кирешеси болбосо;
Батир берүү учурунда жаран иштен кетип, 12 айдын ичинде туруктуу киреше көрбөсө.
Эскерте кетсек, өткөн жылы 16-декабрда Бишкектин Скрябин көчөсүнө Мамлекеттик ипотекалык компания курган 549 батир, 24-декабрда №47 түзөтүү колониясынын ордуна түшкөн “Мурас” турак жай комплексинен 510 батир ээлерине берилген.
Аталган компаниянын маалыматына ылайык, учурда 40 миңден ашуун жаран кезекте турат.
Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө боюнча жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын жарыялаган.




















