Ливиянын мурдагы маркум лидери Муаммар Каддафинин уулу Сейф аль-Ислам өлтүрүлгөнү кабарланды. Бул окуя тууралуу эмне белгилүү, ага кол салууну кимдир-бирөө уюштурушу мүмкүнбү?
Каддафинин уулунун өлүмү тууралуу эмне белгилүү
Сейф аль-Ислам Каддафи Ливиянын батышындагы Эз-Зинтан шаарында шейшемби күнү, 3-февралда өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Libya al-Ahrar аттуу жергиликтүү телеканал билдирди. Маалыматка ылайык, ал белгисиз куралчан адамдардын чабуулуна кабылган.
Кийинчерээк мурдагы ливиялык лидердин уулу атайын уюштурулган кол салуунун натыйжасында каза болгону маалым болду. Белгиленгендей, ага Ливиядагы өз үйүнүн короосунда кол салышкан.
Булактын билдиришинче, Сейф аль-Ислам Каддафи резиденциясынын багында төрт кол салуучунун колунан өлүмгө алып келген жаракат алган. Кол салгандар окуя болгон жерден качып кетишкен. Ошондой эле чабуулга чейин видеокөзөмөл камераларынын баары өчүрүлгөнү айтылууда.
Ошол эле учурда, куралчан бригадалардын бири Каддафинин мураскери куралдуу кагылышуу учурунда каза болгонун билдирген. Бирок бул топ анын өлүмүнө тиешеси бар экенин расмий түрдө четке какты.
Сейф аль-Исламдын адвокаты Халед аз-Зайди өз кардарынын өлтүрүлгөнүн тастыктады. Ал көңүл айтып, «бул анын өмүрүн кыйган ырайымсыз кол салуунун натыйжасы болду»,- деп билдирди.
Каддафинин уулунун саясий командасы өз билдирүүсүндө «бул өлтүрүү жазасыз калбайт» деп убада берди.
«Биз Ливиянын сот системасы менен эл аралык коомчулукту жоопкерчиликти өзүнө алууга чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.
Ливиянын Башкы прокуратурасы Сейф аль-Исламдын өлтүрүлүшүн иликтөө үчүн атайын комиссия түздү. Комиссиянын мүчөлөрү тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Эз-Зинтан шаарына жөнөшөт.
Каддафинин өлтүрүлгөн уулу ким болгон?
Сейф аль-Ислам Каддафи — Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин экинчи уулу, болжол менен 1972-жылы төрөлгөн. Ал Лондондогу Экономика мектебинен билим алып, атасынын өкмөтүндө реформатор катары таанылып, анын ыктымал мураскери деп эсептелген.
2011-жылдын июнь айында Эл аралык кылмыш соту элдик көтөрүлүштөрдү басуу маалында адамзатка каршы кылмыштарды жасаган деген айып менен аны камакка алуу ордерин чыгарган. Ошол эле жылы укук коргоо органдары тарабынан кармалып, 2017-жылы мунапыс тууралуу келишимдин негизинде бошотулган.
Бошотулгандан кийин Сейф аль-Ислам 2021-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген, бирок добуш берүү бир нече жолу жылдырылган. Анын образы коомдо талаштуу бойдон калган: тарапташтары аны өлкөнү бириктире ала турган фигура катары көрүшсө, сынчылар мурдагы режимдин кылмыштары менен байланыштырышкан.



















