Кыргызстан табигый суу ташкындарынын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ливия элине терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
10-сентябрда Ливиянын чыгышында суу ташкыны болуп, 3 миңдей адам курман болуп, 7 миңден ашуун киши дайынсыз жоголгон. Табигый кырсыкка “Даниэль” циклону себеп болгон.
КР Тышкы иштер министрлиги жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин жана бардык дайынсыз жоголгондордун аман-эсен табылышын тилеп, оор сыноо саатын башынан өткөрүп жаткан Ливия элине сабырдуулук, кайраттуулук жана биримдик каалайт.



















