Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды, деп билдирди өлкөнүн чыгыш өкмөтүнүн премьер-министри Усама Хаммад. Анын айтымында, миңдеген адамдар дайынсыз болууда.
Суу ташкынына «Дэниел» циклону себеп болгон. Жаратылыш кырсыгынан айрыкча Дерна шаары катуу жабыркады, ал жерде эки дамба кыйрап, натыйжада шаарга 33 миллион кубометр суу куюлуп, турак жайлардын бир бөлүгүн толугу менен суу каптады.
Шаарда электр жарыгы жана байланыш жок, куткаруучулар ал жакка жете албай жатышат.
Discussion about this post