БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш 2011-жылы Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин кулатылышы жана өлтүрүлүшү боюнча иликтөө жүргүзүшү керек, ливия элинин алдында кечирим суралышы керек, деп билдирди Ливиянын маркум лидеринин аталаш иниси, “Ливиядагы улуттук күрөш фронтунун” саясий жетекчиси Ахмед Каддаф ад-Дам РИА Новости агенттигине билдирди.
“Биз БУУнун баш катчысы Гутеррешти 2011-жылдагы окуяларды иликтөөгө чакырабыз. Ошондо биз абалды оңдоп, чындыкты биле алабыз”, – деди ад-Дам.
Анын айтымында, БУУнун баш катчысы Ливияга 2011-жылы кол салууну жана Каддафини кулатууну колдогон өлкө лидерлеринин билдирүүлөрүн, ошондой эле жарыяланган документтерди изилдеши керек.
“Агрессия иликтениши керек. Ливия элинин алдында кечирим суралышы керек”, – деп кошумчалады саясатчы.
2011-жылы АКШ менен НАТО башында турган эл аралык коалиция Ливияда операция жүргүзгөн. Натыйжада Муамар Каддафи өлтүрүлүп, 40 жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан режим кулаган. Ошондон кийин өлкөдө кризис башталып, өлкө бирдиктүү мамлекет катары болуусун токтоткон. Акыркы жылдары өлкөнүн батышындагы Триполидеги бийлик менен чыгыштагы бийлик ортосунда каршылык болуп келди. Чыгыштагы бийликти Хафтардын командачылыгындагы Ливиянын улуттук армиясы колдогон.
2021-жылы Женевада БУУнун колдоосу менен өткөн Ливиянын саясий диалог форуму жалпы шайлоого чейин убактылуу аткаруу бийлигин тандаган, бирок ал шайлоолор бүгүнкү күнгө чейин өткөрүлө элек.
Азыркы учурда Ливияда бири-бирин тааныбаган эки өкмөт иштеп жатат. Биринчиси – БУУнун колдоосуна ээ болгон, Абдельхамид Дбейба жетектеген өкмөт, ал Триполиде жайгашкан. Экинчиси – өлкөнүн Өкүлдөр палатасы тарабынан ыйгарым укуктар берилген өкмөт, ал Бенгазиде жайгашып, Усама Хаммад тарабынан жетектелет.



















