Кытайлык электромобилдерди өндүрүүчү Leapmotor компаниясына белгилүү бир талаптарды эске алуу менен продукциясын Өзбекстанда сатууга уруксат берилди.
Бул тууралуу Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө инспекциясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып Gazeta.uz маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, 7-апрелде Өзбекстанга кытайлык компаниянын делегациясы келип, УзТесттин өкүлдөрү менен кырдаалды талкуулашкан.
Leapmotor мурда өлкөгө эки C16 унаасын алып келген.
14-апрелде кайталап сыноолор жүргүзүлүп, бул унаалар БУУ ЕЭКтин №10 жобосунун талаптарына жооп берерин көрсөттү.
Өзбекстандын рыногунда Leapmotor унааларын сатууга уруксат алуу үчүн компания төмөнкү шарттарга жооп бериши керек:
• Өзбекстандын аймагында расмий өкүлдү дайындайт;
• Сертификациялануучу транспорт каражаттарынын түрлөрүнүн шайкештигин тастыктаган документтердин толук пакетин берүүгө;
• Leapmotor маркасындагы унааларды чыгарган заводдордо өндүрүш шарттарына жана процесстерине баа берүү жүргүзүлүшүн камсыз кылуу.
Эске салсак, апрель айынын башында Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү көзөмөл инспекциясы Өзбекстанда Leapmotor унааларын сертификациялоо токтотулганын билдирген.
Бул чечимди кабыл алууга С16 моделиндеги аныкталган айырмачылыктар негиз болгон.
Мында түзүлгөн электромагниттик тоскоолдуктун деңгээли белгиленген стандарттардан 16 эсе жогору болгон.


















