Кытайда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине 20дан ашык чет элдик лидерлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министринин жардамчысы Лю Бинь маалымат жыйынында билдирди.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити 31-августтан 1-сентябрга чейин Тяньцзинь шаарында өтөт.
“Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 20дан ашык чет элдик лидерлер жана 10 эл аралык уюмдун жетекчилери менен Хайхэ дарыясынын жээгине чогулат”, – деди ал.
Саммитке Россиянын президенти Владимир Путин, Беларустун лидери Александр Лукашенко, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын президенти Масуд Пезешкян, Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев, Монголиянын лидери Ухнаагийн Хурелсух, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Камбоджанын премьер-министри Хун Манет, Мальдив аралдарынын президенти Мохамед Муиззу, Непалдын премьер-министри Шарма Оли, Египеттин премьер-министри Мустафа Мадбули, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Индонезиянын лидери Прабово Субианто, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим, Вьетнамдын премьер-министри Фам Мин Тинь чакырылган.
Лю Биндин айтымында, мамлекет башчылары Шанхай Кызматташтык Уюмунун ийгиликтүү тажрыйбасын талкуулашат, уюмдун өнүгүү багыттарын белгилешет, ШКУнун алкагында кызматташуу боюнча консенсуска жетишишет жана уюмду жалпы тагдырдын дагы да ынтымактуу коомчулугун түзүү максатына карай алга жылдырышат.
ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан кирет. 2024-жылдын 4-июлундагы Астана саммитинде уюмга Беларус расмий түрдө кошулган. Ооганстан менен Монголия байкоочу өлкөлөр, ал эми ШКУнун диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрү Азербайжан, Армения, Бахрейн, Египет, Камбоджа, Катар, Кувейт, Мальдив аралдары, Мьянма, Непал, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Түркия жана Сри-Ланка.


















