Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер энергетика тармагындагы практикалык кызматташтыкты кеңейтип, энергетикалык коопсуздукту жана энергетикалык рыноктордун туруктуулугун чыңдашат. Бул тууралуу Россия өкмөтү жарыялаган ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары кеңешинин 25-жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюникеде айтылат.
Жыйын 19–20-октябрда Душанбе шаарында өттү.
Документте белгиленгендей, делегациялардын башчылары ШКУга мүчө мамлекеттердин соода, өнөр жай, транспорт, энергетика, финансы жана инвестиция, айыл чарба, бажы иши, санариптик жана креативдүү экономика, инновациялар жана жогорку технологиялар тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого багытталган аракеттерин баса белгилешти. Алар энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергияны үнөмдөө боюнча чараларды кеңири жайылтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушат.
«Делегациялардын башчылары ШКУга мүчө мамлекеттердин технологиялык эгемендигин, энергетикалык коопсуздугун жана энергетикалык рыноктордун туруктуулугун мындан ары чыңдоону, ошондой эле энергиянын бардык булактарын пайдалануу менен диверсификацияланган энергетикалык балансты түзүүнү маанилүү деп эсептешет.
Делегация башчылары ШКУга мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы практикалык кызматташууну кеңейтүү каалоосун баса белгилешет, анын ичинде биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, аймактагы өлкөлөрдүн гидроэнергетика жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, энергетикалык инфраструктураны куруу, инвестициялык жана илимий-техникалык кызматташтыкка көмөктөшүү, алдыңкы энергетикалык технологияларды киргизүү, квалификациялуу кадрларды даярдоо жана тажрыйба алмашуу аркылуу өнүктүрүлөт», — деп айтылат коммюникеде.
Мындан тышкары, делегациялардын башчылары автомобиль, темир жол, аба жана мультимодалдык транспортту, логистикалык борборлорду жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү ШКУнун экономикалык күн тартибиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири деп эсептешет. Алар ШКУ аймагынын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануунун жана транспорттук коридорлордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилешет.
ШКУ — 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Анын курамына Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Уюмдун өнөктөш өлкөлөрү: Азербайжан, Армения, Афганистан, Бахрейн, Египет, Камбоджа, Катар, Кувейт, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Мьянма, Непал, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Түркия жана Шри-Ланка.

















