Кытайдын Unitree Robotics компаниясы кунг-фу ыкмаларын билген жана адамдарды кооптуу кырдаалдардан куткара алган жаңы H2-X аттуу адам сымал робот-жансакчыны көрсөттү.
Компания роботтун жаңы моделинин мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган видеороликти Кытайдын WeChat социалдык тармагындагы расмий аккаунтуна жарыялады.
Кытайлык иштеп чыгуучу жарыялаган видеодон H2-X үлгүсүндөгү роботтун унаалардын үстүнөн оңой секирип өтүп, сальто жасап, бийик курулмалардан секиргенин көрүүгө болот.
Ошондой эле видеодо роботтун адамды каракчылык учурунда, унаанын дөңгөлөгүнүн астында калуу коркунучу жаралганда жана башка кооптуу кырдаалдарда куткара алары көрсөтүлгөн.
Компаниянын билдирүүсүндө робот-жансакчынын өндүрүмдүүлүгү жогору экени жана бир жолу кубатталгандан кийин сегиз саатка чейин иштей алары айтылган.

















