1-декабрда Кытайдын Чэнду шаарында 2025-жылы Казакстанда өтө турган “Борбордук Азия-Кытай” экинчи саммитинин алдында аймактык кызматташтыкты жана көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө арналган «Борбордук Азия-Кытай» форматындагы Тышкы иштер министрлеринин 5-жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөргө Кытайдын тышкы иштер министри Ван И төрагалык кылды.
“С5+1” жолугушуусунан алдында Ван И борборазиялык кесиптештери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ван И Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон жолугушуусунда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын акыркы жылдары байкаларлык активдешкендигин белгилешип, соода-экономикалык тармактагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурушту. Атап айтканда, айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт, банк секторлорундагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле «Иркештам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруу зарылдыгы баса белгиленди.
Ошондой эле эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары «Бир алкак, бир жол» демилгесинин маанилүү бөлүгү боло турган «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу этабын баштоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту. Бул контекстте тараптар үстүбүздөгү жылы жаңы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ийгиликтүү ачылышын белгилешти.

Ван И Түркмөнстанды “Кытайдын жакшы бир тууганы жана өнөктөшү” деп атады.
Ал Түркмөн өкмөтүнүн вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Рашид Мередовго кайрылып, Кытай бекем мамилелерди жана энергетика, инвестиция жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин ырастады.
Өткөн жылдын аягында Казакстан менен эки тараптуу соода 30%га өсүп, рекорддук көрсөткүчкө жетип, 41 миллиард долларга жетти.
Акыркы бир нече жылда Кытай Өзбекстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналат. Өткөн жылдын аягында эки тараптуу соода жүгүртүү 50%га өсүп, 14 миллиард доллардан ашты. Жакынкы жылдарда тараптар бул көрсөткүчтү 20 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенүүдө.
Кытай менен Тажикстандын тыгыз экономикалык кызматташтыгы соода жүгүртүүнүн жана инвестициянын өсүшүнөн көрүнүп турат. Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2023-жылдын аягында 2022-жылга салыштырмалуу 24,2%га өсүп, 1,5 млрд долларды түзгөн.

«Борбордук Азия-Кытай» форматындагы Тышкы иштер министрлеринин 5-жолугушуусунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылдын май айында Сиань шаарында «Борбордук Азия-Кытай» Саммити өткөндөн бери кызматташуунун активдешүүсүн баса белгилеп, Борбордук Азия мамлекеттеринин Кытай менен өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.
Отурумдун алкагында саясат, соода, айыл чарба, инвестиция тартуу, «жашыл» экономика, энергетика, климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо, транспорт жана бажы тармактарындагы өз ара аракеттешүү боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташуу, туризм жана жогорку технологиялар, ошондой эле, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана БУУ, ШКУ жана башка уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Тышкы саясат министрликтеринин башчылары 2025-жылы боло турган «Борбордук Азия-Кытай» экинчи Саммитинин мазмундук бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев өз сөзүндө Борбордук Азия менен Кытай экономикалык өсүш жана өнүгүү үчүн олуттуу потенциалга ээ экендигин баса белгиледи. Кулубаев биздин аймак байыркы соода жолдорунун кесилишинде жайгашкан жана бүгүнкү ааламдашуу доорунда Борбордук Азиянын транзиттик жана логистикалык түйүн катары ролун жандандырууга мүмкүнчүлүк пайда болот деп белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы «Бир алкак, бир жол» маанилүү бөлүгү катары болууга, соода үчүн жаңы жолдорду ачууга, экономикалык байланыштарды чыңдоого жана адамдардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында тышкы саясат ведомстволорунун башчылары «Борбордук Азия-Кытай» форматындагы Тышкы иштер министрлеринин бешинчи жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.














