Иран Вашингтондо химиялык курал колдонууга жана дамбалардын астына ракеталык базаларды курууга даярданып жатат деген айыптоолорго жооп берип, өлкөнүн тышкы иштер министри бул билдирүүлөрдү толугу менен негизсиз деп атады.
Pars Today басылмасынын маалыматына караганда, Сейед Аббас Аракчи X социалдык тармагындагы баракчасына төмөнкүлөрдү жазган:
«Акыркы 72 сааттын ичинде Израилди жактаган маалымат каражаттары Иран Вашингтондо химиялык курал колдонууну жана ошол эле учурда дамбалардын астына ракеталык базаларды курууну пландап жатат деп билдиришүүдө. Бул — курулай сөз!»
Ал ошондой эле мындай билдирүүлөрдү Ирактагы согуш учурундагыдай жалган пропаганда катары токтотууга чакырды.
«Ирактагы согуш маалындагыдай жалган пропаганданы токтоткула. Айрыкча бул окуянын артында Израилдин изи ачык көрүнүп турган учурда. Бул билдирүүлөргө эч ким ишенбейт», — деп белгиледи Аракчи.
















