Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев Кыргызстанда 15-мартты – Аталар күнү деп жарыялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Мыйзам коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын тааныйт, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
Белгилей кетүүчү жагдай, мыйзам долбоорлорунда сунушталган Аталар күнү эс алуу күнү болуп эсептелбейт.
“Улууларга урмат жана кичүүлөргө ызаат кыргыз элинин негизги баалуулуктарынын бири болуп саналат. Биздин элибиз акылдуу, даанышман улууларды ардактап жана урматтап, өзүнүн кылымдарды карыткан салттарына дайыма аяр мамиле кылган. Камкор аталарыбызга ыраазычылык сезими ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө жашайт. Бакай ата, Манас ата жөнүндө жана «жети ата» сыяктуу түшүнүктөр элдин оозунан түшпөй жүргөнү бекеринен эмес”, – деп жазылат маалыматтык негиздемеде.
Мыйзам долбоорунун автору аталар күнү АКШ, Австралия, Италия жана Японияда майрамдаларын кошумчалады.
«Кыргыз Республикасында Атанын күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзам долбоору демилгеленди.Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду: https://kenesh.kg/bills/public/2602
Опубликовано Жогорку Кеңеш Среда, 13 марта 2024 г.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Энелер күнү 2012-жылдан бери белгиленип келет. Ал май айынын үчүнчү жекшембисине туура келет.



















