Бишкек шаарында Палестина элин колдогон коомдук активисттердин демилгеси менен «Halal Bazaar» жарманкеси уюштурулду.
Жарманке Палестина элине, өзгөчө Газа тилкесиндеги тургундарга жардам көрсөтүү максатында өткөрүлүп, анда ислам маданиятына жана салтына байланышкан ар түрдүү товарлар сунушталды. Сатуудан түшкөн кирешенин баары Палестина элине гуманитардык жардам көрсөтүүгө жумшалат.
Бишкектеги жарманкеде азык-түлүк, кийим-кече жана башка ислам талаптарына ылайык келген товарлар сунушталды. Иш-чарага Кыргызстандын тургундарынан тышкары коңшу Казакстандан келгендер да кызыгуу көрсөтүштү.
Жарманкенин уюштуруучусу, Палестина элин колдоп келген активист Элиана Сатарова иш-чаранын негизги максаты ислам баалуулуктарына байланыштуу продукцияларды сунуштоо менен бирге, аларды сатуудан түшкөн кирешени Палестина элине жардам берүүгө багыттоо экенин билдирди.
Анын айтымында, жарманке «Аль-Умма» кайрымдуулук фондунун көмөгү менен уюштурулган.
«Биз акыркы үч жылдан бери Палестинага жана Газа тилкесине жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултуп, гуманитардык жардамдарды жөнөтүп келе жатабыз. Тилекке каршы, жаңжал башталгандан бери үч жыл өтсө да, Газадагы карапайым эл дагы деле өтө оор шартта жашап жатат. Ошондуктан биз ушундай кайрымдуулук жарманкелерин жана көргөзмөлөрдү уюштуруу аркылуу бейкүнөө адамдарга жардам берүүгө аракет кылып жатабыз», — деди Сатарова.
Ал жарманкеге элдин кызыгуусу жогору болгонун белгиледи. Анын айтымында, келгендер товарларды сатып алуу аркылуу материалдык жардам көрсөтүү менен бирге, Палестина элинин тынчтыгы жана жеңиши үчүн дуба кылышууда.
«Мусулмандар бири-бири менен биримдикте болушу керек. Палестина маселеси дүйнө мусулмандары үчүн маанилүү маселелердин бири. Биз бул элге колубуздан келишинче биргелешип жардам беришибиз керек», — деди коомдук активист.
Сатарова ошондой эле АКШ менен Израилдин Иранга жасаган чабуулдарын айыптап, Иран эли абдан күчтүү экенин алар буга чейин да АКШнын кылмыштарына каршы туруштук берип келишкенин баса белгиледи.
Ошондой эле ал Ирандагы «Жанфида» (Жанымды берем) улуттук өнөктүгүнө токтолуп, акыркы мезгилде бул багытта активдүү катышкан ирандык аялдарды «Ирандын жана жалпы ислам дүйнөсүнүн эр жүрөк аялдары» деп атады.
Иш-чарага Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданий өкүлү Абдулреза Сейфи да келип, жарманкенин жетекчиси жана ага катышкан ишкерлер менен жолугуп, пикир алышты.
«Halal Bazaar» жарманкеси эки күн бою 6-7-октябрь күндөрү өткөрүлдү. Анда сатылган бардык товарлардан түшкөн киреше Палестина элине, анын ичинде Газа тилкесинин тургундарына жардам көрсөтүүгө жумшалат.
Жарманкеге жалпысынан 100дөн ашык бренд катышты. Алардын арасында кийим-кече жана жаңы коллекциялар, зер буюмдар, бижутерия жана ар кандай аксессуарлар, кол өнөрчүлүк буюмдары, балдар үчүн товарлар, китептер, органикалык жана табигый косметика, үй-тиричилик буюмдары жана азык-түлүктөр бар.
Уюштуруучулар бул иш-чара аркылуу бир жагынан ислам маданиятына байланышкан жергиликтүү жана эл аралык товарларды кеңири жайылтууну, экинчи жагынан Палестинадагы карапайым элге гуманитардык жардам көрсөтүүгө салым кошууну көздөшүүдө.




















