Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Оман Султандыгынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия департаментинин башкы директору Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харитини кабыл алды.
Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харити Бишкекке ведомстволор аралык делегацияны жетектеп келген.
Делегациянын сапарынын максаты – кыргыз-оман кызматташтыгын экономикалык, соода, инвестициялык жана гуманитардык тармактарда өнүктүрүү.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун негизги маселелери, ошондой эле алдыдагы сапарлардын графиги талкууланды.



















