Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

  • Коом, Маданият
  • 26.11.2026 15:58

Loading

Иран Ислам Республикасынын Бишкектеги элчилигинде белгилүү кыргызстандык чыгыш таануучу, иран таануучу, Бишкек мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу факультетинин мурдагы деканы Таласбек Машраповдун өмүрүнө жана илимий мурасына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Азем Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Ирандын Маданий өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага Таласбек Машраповдун илимий чөйрөдөгү кесиптештери, окумуштуулар, шакирттери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, студенттер, достору жана үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Тема боюнча

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

26.11.2026

Иш-чарада сөз сүйлөгөн коомдук-маданий ишмер, акын, жазуучу жана публицист Баяс Турал Иран тарапка кыргыз окумуштуусунун өмүрүнө жана илимий ишмердүүлүгүнө арналган иш-чараны уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, кыргыз жана иран элдерин жакындаштырган негизги факторлордун бири — алардын байыркы тарыхый байланыштары.

«Иран — байыркы эл. Жазуучу катары иран адабиятын жакшы билем. Тарыхчы катары да байыркы Ирандын тарыхы менен кыйла деңгээлде таанышмын. Бизди жакындаштырган нерсе — байыркы тарыхыбыз. Мен иран маданиятына орус тили аркылуу кызмат кылдым. “Шахнаме” дастанынын 800 беттик вариантын кыргыз тилине котордум. Муну менен бир гана иран элине эмес, кыргыз элине да кызмат кылдым деп эсептейм», — деди Баяс Турал.

Ал иран тилин жана маданиятын үйрөнүү, изилдөө кыргыз элинин да тарыхый тамырларын таанып-билүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Иран тилине жана маданиятына кызмат кылуу менен биз байыркы Туран элдеринин урпактары катары өзүбүзгө да кызмат кылып жатабыз. Анткени “Шахнаме” — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы. Анда байыркы Ирандын тарыхы менен катар Туран элдеринин да тарыхы камтылган. Биз, кыргыздар ошол байыркы туран элдеринин байыркы көчмөн элдердин бир урпактары болуп эсептелебиз. Ошондуктан Ирандын тарыхын окуу менен өзүбүздүн да тарыхыбызды таанып, ким экенибизди тереңирээк түшүнө алабыз», — деп билдирди ал.

Ошондой эле Баяс Турал Таласбек Машраповдун ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, анын эмгеги Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоодо маанилүү роль ойногонун айтты.

Анын белгилешинче, Машраповдун колунан иран тилин үйрөнгөн, иран маданиятын жана тарыхын тааныган көптөгөн студенттер билим алып чыгышкан.

«Сиз менен бирге иштешпесем да, сизди кыргыз интеллигенциясы, илимий чөйрө жана билим берүү системасы абдан жакшы тааныйт. Сиздин колуңуздан иран тилинде сүйлөгөн, бул тилди окуган жана иран маданияты менен таанышкан көптөгөн студенттер тарбияланып чыкты. Дал ушул жаштар Кыргызстан менен Иранды жакындаштырат. Бул — келечекке салынган чоң эмгек. Кыргыз коомчулугунан Ирандын тилин, тарыхын жана маданиятын билген адамдар канчалык көп чыкса, эки эл үчүн ошончолук пайдалуу болот», — деди коомдук ишмер.

Мындан тышкары, ал Таласбек Машраповдун отуз жылга жакын убакыт бою бир элдин тилин жана маданиятын изилдөөгө, жайылтууга адис катары өмүрүн арнаганын өзгөчө белгиледи.

Сөзүнүн соңунда ал Таласбек Машраповдун алдыдагы жаңы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, анын түрк дүйнөсүнүн илимий жана маданий өнүгүүсүнө кошо турган салымы чоң болоруна ишеним билдирди.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: иранКыргызстанМаданиятТаласбек Машрапов
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

26.11.2026
Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026
АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

25.11.2026
Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026
Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

25.11.2026
Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

24.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
220 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.