Грузия Иранга каршы эки тараптуу санкцияларды киргизбей турганын, эл аралык санкциялар режиминин алкагында иш алып барарын билдирди. Бул тууралуу Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Ирандын авиакомпанияларынын өлкөгө каттамдарын токтотуу боюнча комментарий берип жатып айтты.
«Биз Иранга каршы эч кандай эки тараптуу санкция киргизбейбиз. Бул абсурд жана туура эмес болмок», — деди Кобахидзе.
Анын айтымында, Грузия өзүнүн эл аралык өнөктөштөрү колдонгон санкциялык режимдерди эске алат жана авиация тармагындагы чечимдерди ошол талаптарга ылайык кабыл алат.
Буга чейин Грузиянын Жарандык авиация агенттиги АКШ Ирандын авиакомпанияларына каршы жаңы санкцияларды киргизгенден кийин, өлкө эл аралык санкциялар режимине толук ылайык иш алып барарын билдирген.


















