Eurasiatoday
Жекшемби, 15-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

ККМ: Соодагерлердин эңсегени эмне?

  • Аналитика, Кыргызстан, ТОП жаңылыктар
  • 30.11.2023 13:49

Loading

Кечээ, 29-ноябрда, Оштогу Кара-Суу базарындагы 300дөн ашык соодагер Салык саясатына нааразы болуп митингге чыгып, жыл жаңырганда ишке кире турган Көзөмөл-кассалык аппаратын иштетүүгө жана электрондук эсеп-фактурасын толтурууга каршы экендиктерин айтышты. Алар салык төлөөнүн патент системасын калтырууну талап кылышты.

Нааразычылыкка чыккандар менен Кара-Суу районунун акими Жакыпбек Субагожоев чыгып жолукканда, ишкерлер буга чейин салык маселесине байланыштуу ачык пикирлерин басымдан улам билдире албай, үнү бийликке жетпей келгенин айтышты. Өз кезегинде аким алардын талаптарын жогору жактагыларга жетире тургандыгын билдирди.

Ал эми бүгүн, 30-ноябрда, Бишкектеги “Дордой” базарынын да айрым соодагерлери салык саясатына каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар базарга киргизилген өзгөчө салык режими ишкерлердин түйшүгүн көбөйткөнүн, айрыкча тигүү тармагында жүргөндөрдүн ишинин тартибинде түшүнбөстүктөр көп экенин айтышты. Алар да патент системасын калтырууну талап кылышты.

Тема боюнча

Тажикстанда 130 блогер катталган: алар алты айдын ичинде 3,9 миллион сомони табышкан

Тажикстанда 130 блогер катталган: алар алты айдын ичинде 3,9 миллион сомони табышкан

04.08.2026

Салык саясаты жеңилдедиби?

Кечээки Кара-Суу базарынын соодагерлеринин нааразычылык акциясынан кийин Мамлекеттик Салык кызматы маалымат таратып, Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу “Тураталы” базарларында иштеген соодагерлер көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуудан бошотула турганын жарыялады.

Ал маалыматка караганда, салык мыйзамдары боюнча Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей алат. Ошентип стратегиялык объектилерге “Дордой” жана Кара-Суу базарлары кирери белгиленди.

Аталган базарлар 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулат.

“ККМ колдонууга каршы чыккан ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар соодасын улантып жатышат”, – деп айтылат Салык кызматынын маалыматында.

Нааразычылык жараткан үч маселе кайсылар?

Нааразычылык салык саясатындагы үч негизги нерседен улам күчөп жатат. Алар: көзөмөл-кассалык машине (ККМ), электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ).

ККМ – бул, товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. Анын жардамы менен акы катары алынган акча саналып, кардарга товар сатып алганын же кызмат колдонгонун ырастаган QR коду бар чек берилет. Ал 2021-жылдын 1-июлунан тартып толук ишке киргизилген.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз – ЭТТК – бул товарды бир жерден экинчи жерге жеткирүү үчүн керектеле турган документ. Мында жүктү жөнөтүүчү, алуучу жана ташуучунун дайын-дареги, товардын аталышы, көлөмү, баасы жана башка нерселери жазылат. Ал биринчи кезекте коммерциялык компаниялардын өздөрүнө керек. Аны менен эсеп-кысап жүргүзүшөт, ошол эле маалда бажы, салык же башка органдарга көрсөтүү үчүн да талап кылынат. 2023-жылдан баштап ишкерлер үчүн кагаз документтердин ордуна электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТН) да милдеттүү боло баштаган.

Электрондук эсеп-фактура (счёт-фактура) – бул кошумча нарк салыгын (КНС) эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. Сатып алуучу андан сатуучу тараптын аталышын, реквизити, товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн тизмеси, алардын баасы, акысы, пайыздары жана кошумча нарк салыгы тууралуу маалыматты ала алат. Бул документ товар өндүрүүчү менен товарды дүң сатып алуучунун, же товарды дүң сатуучу фирма менен товарды чекене сатып алуучу фирманын ортосунда жүргүзүлөт. Башкача айтканда, катардагы сатып алуучу, жеке адам үчүн анын тиешеси жок.

Ал эми 2024-жылдын 1-январынан тарта соода жаатындагы ишкердиктин 12 түрү боюнча патент жоюлганы турат. Соодагерлер ушуга нааразы. Бирок Салык кызматы “Дордой” жана “Тураталы” базарларында иштеген соодагерлерди көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуудан бошотуу сыяктуу ишкерлерге башка шарт түзүү жолдорун издеп жатат.

Кыргызстанда эки жылга жакын убакыттан бери соодагерлердин баары көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуу милдеттендирилген. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек, Нарын, Ош шаарларында жана башка аймактарда да бир нече жолу нааразылык акциялары өтүп келген.

Патенттин 12 түрү жоюлса эмне болот?

Патенттин негизинде иш жүргүзгөн жана эмгек кызматын аткарган ишкердиктин бир канча түрү бар. Анын 12 түрү жоюла тарган болууда. Мамлекеттик Салык кызматынын маалыматы боюнча, алар 1-январга чейин салык төлөөнүн жалпы же бирдиктүү режимдерине өтүшү керек. Жыл соңуна чейин патент менен иштеген ишкерлер катталган аймагындагы салык органдарына арыз менен кайрылууга тийиш.

Бул кызматтын кошумча маалыматы боюнча, быйыл акыркы он айда 1,7 млрд сомго 780 миңден ашык электрондук патент берилген. Бул ишкер субъектилердин саны эмес, эсептин ичинде патентти бир жолу алып, ошол бойдон токтоп калгандары да болсо, улам-улам узартып жаткандары да бар. Узарткан сайын эсепке кошула берет. Анын ичинен 413 миңи ишкердиктин учурда жоюлуп жаткан 12 түрүнө таандык.

Ишкердиктеги салыктын өзгөчө нормаларын кайра-кайра айтып келишет. Ал: эгер ишкер жылдык соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 8 млн сомго чейин болсо, салык төлөнбөйт. Ал эми 30 млн сомго чейин болсо – 0,5%, 50 млн сомго чейин – 1% төлөйт. Бирок бир талап бар – бирдиктүү салык режиминде иштегендер ККМ жабдыкты колдонууга, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө жана дагы бир катар милдеттерди аткарууга тийиш.

ККМди иштетүүнүн айласы…

Мамлекеттик Салык кызматы ККМди иштетүүнүн айласы кылып, “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясын ойнотуп келет. Негизги максат – салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгаруу, соодагерлерде да, кардарларда да чек колдонуу маданиятын калыптандыруу, бюджетке салык төлөмдөрүн көбөйтүү экени маалымдалган. Алгачкы эки лотерея былтыр өткөрүлгөн. Ал эми лотереянын биринчи этабы июндун аягында ойнотулса, экинчиси быйыл 30-декабрда ойнотулат.

Байгеге быйыл жалпысынан 2376 баалуу белек коюлганы, арасында батирлер, автомашиналар бар экени кабарланган.

А.Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Кара-СууККМсалыксоодагерлер
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Токаев бай казакстандыктар үчүн жогорулатылган салык киргизүүнү сунуштады

Токаев бай казакстандыктар үчүн жогорулатылган салык киргизүүнү сунуштады

29.10.2026
Тажикстанда 130 блогер катталган: алар алты айдын ичинде 3,9 миллион сомони табышкан

Тажикстанда 130 блогер катталган: алар алты айдын ичинде 3,9 миллион сомони табышкан

04.08.2026
Вашингтон миллионерлерге салык киргизди

Вашингтон миллионерлерге салык киргизди

31.03.2026
Иран өкмөтү майда соодагерлер үчүн бир катар салыктарды жокко чыгарды

Иран өкмөтү майда соодагерлер үчүн бир катар салыктарды жокко чыгарды

16.01.2026
Словакиянын 15 шаарында салыктарды көтөрүүгө каршы митингге 18 миң адам чыкты

Словакиянын 15 шаарында салыктарды көтөрүүгө каршы митингге 18 миң адам чыкты

17.09.2025
Волейбол: “Кара-Суу” клубу Кыргызстандын чемпиону болду

Волейбол: “Кара-Суу” клубу Кыргызстандын чемпиону болду

26.08.2025
Жаңы байлык салыгынын айынан миллионерлер Британияны таштап кетиши мүмкүн 

Жаңы байлык салыгынын айынан миллионерлер Британияны таштап кетиши мүмкүн 

20.08.2025
Франциянын премьер-министри бай француздар үчүн «сабырдуулук төлөмүн» киргизерин жарыялады

Франциянын премьер-министри бай француздар үчүн «сабырдуулук төлөмүн» киргизерин жарыялады

16.07.2025
Ош–Кара-Суу жолун оңдоо кийинки жумада башталат

Ош–Кара-Суу жолун оңдоо кийинки жумада башталат

26.06.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.