Улуу Британияда байлык салыгы киргизилсе, миллионерлердин болжол менен 60%ы өлкөдөн чыгып кетүүгө даяр.
Бул тууралуу Bloomberg агенттиги Arton Capital финансылык консалтинг компаниясынын сурамжылоосуна таянып жазды.
Өкмөт майыптык боюнча жөлөкпулдарды реформалоо жана кышкы отунга субсидияларды кыскартуу фонунда 20–25 млрд фунт стерлинг өлчөмүндөгү бюджет тартыштыгын жоюуга аракет кылууда. Казыналык канцлер Рэйчел Ривз бул жоготууларды толтуруунун бир жолу катары жаңы байлык салыгын киргизүүнү караштырууда.
Сурамжылоого катышкан британ миллионерлеринин жарымынан көбү мындай салык киргизилсе өлкөдөн чыгып кетүүнү олуттуу караштырып жатканын билдиришкен. Ошондой эле 60%ына жакыны чет өлкөдө жашоо жакшыраак болмок деп эсептешет.
Алар үчүн эң жагымдуу багыттар катары Канада, Австралия жана Бириккен Араб Эмираттары көрсөтүлгөн. Бай адамдар негизинен төмөн салык жана англис тили үстөмдүк кылган өлкөлөрдү артык көрүшүүдө. Мындан тышкары, жаңы салык киргизилсе, респонденттердин жарымы Британияны эле эмес, бүтүндөй Евробиримдикти да таштап кетүүгө даяр экенин билдиришкен.




















