Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Эттин баасы сатуучуларга арзан, алуучуларга кымбат

  • Экономика
  • 18.08.2025 16:44

Loading

Экономика жана коммерция министрлигинин 7-августундагы “Кыргызстандын аймагындагы этке (уй жана кой) болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү” жөнүндөгү буйругунун негизинде Монополияга каршы күрөшүү кызматы эттин баасын бекитти.

Мекеменин 1 кг этке максималдуу көрсөткөн баасы Бишкек, Ош шаарларында – 680 сом, аймактарда 650 – 690 сомду түздү.

Бул чечим эттин баасына үч айлык көзөмөл жүргүзүү максатында баанын негизисиз көтөрүлүшүнө жол берилбеши үчүн кабыл алынган.

Тема боюнча

Эми эт белгиленген баада гана сатылат: Бирдиктүү баалар жарыяланды

Эми эт белгиленген баада гана сатылат: Бирдиктүү баалар жарыяланды

17.09.2026

Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ири мүйүздүү малды, жылкыны жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салган.

Бирок буга карабай бүгүнкү күндө эт өзүнүн баштапкы баасын сактап, мурдагыдай эле сатылууда.
Буга мисал катарында Бишкектин “Аламүдүн” базарындагы эт бөлүмүндөгү сатылып жаткан уй менен кой эттеринин бүгүнкү наркын көрсөтсөк болот.

Монополияга каршы күрөшүү кызматы эттин максималдуу баасын бекиткенден кийин сатуучулардын дээрлик көпчүлүгү бааны кагаз түрүндө эмес, ооз эки түрүндө көрсөтүүгө өтүшкөн. Айрым жерде мурдагыдай эле сулп эттин баасы 800, 850 сомдон 870 сомго чейин жазуу түрүндө ачык жазылып турат. Мунун себебин сураштырганда кээ бир сатуучулар жооп беришсе, айрымдары баш тартты.

Кылычбек Шамшиев, сатуучу; “Эт эмес, мал кымбат”

– Мал эти менен бааланат. Союшка жарай турган козу 15 миң сомго чыкты. Ал эми койлор 25 миңдин тегерегинде баалынып жатат. Малдын кымбаттагандыгынын себеби – мал сыртка чыгып кетип жатат. Мисалы, 10 миң сомго алайын деген козуну өзбек туугандар 13 миңге алам десе сатуучу кымбат алам деген кардарга сатат да. Ошондуктан мал кымбаттаган сайын эттин баасы кымбаттай берет. Мал союлгандан кийин этин дүңүнөн эсептегенде 600, 650 сомго чейин айланат. Дүңүнөн соодалап алынган менен сулп эт, кабырга, моюн эт, куйрук жана ич май деп бөлүнүп, ар бирине өзүнчө нарк коюлат.

Мисалы, бир койдун куйругу 10 кг. чыккан болсо, андан бизге пайда жок, тескерисинче 2, 3 миң сом артка сатабыз. Куйрук баасы 350 сом. Эң жогорку көрсөтүлгөн баа 800 сомдон дөн ашык болгон менен калган арзан коюлган башка мүчө эттердин наркы аркылуу пайда эмес, тескерисинче зыянга саткан учурлар жок эмес.

Надырбек Таштанбеков, сатуучу:

“Малдын, эттин кымбатташына тоюттун баасынын көтөрүлүшү да себеп… ”

– Эттин кымбатташына уй же кой малдарынын кошуна өлкөлөргө чыгышы гана таасирип этип жаткан жок. Буга тоют чөптөрүнүн, жемдин кымбатташы дагы таасирин тийгизүүдө. Мисалы, таңгакталган бир тоют чөбү 300 сомдон 350 сомго чейин сатылат. Андан тышкары малды багып, семиртиш үчүн жем бериш керек. Ошондуктан мал сатуу же аны эт багытындагы өткөрүү дагы көп деле өзүн -өзү актабайт.

Эрматов Мураталы, пенсионер:

“680 сомду арзандады деп айтууга болбойт”

– Кырк жыл тынбай иштедим. Алган пенсиям азыркы тапта 10 миң сом. Азык-түлүк кымбат. Эт 800 сомдон ашты. Өкмөт муну чектеп 680 сомго түшүргөн менен “арзандады” деп айтууга болбойт. Азыр мен 1000 сомго эт алдым, бул бир жарым килограммга жетпейт. Бизде эттен башка дагы ала турган кем-карчыбыз бар да. Ошол эле учурда дары-дармек алышыбыз керек.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: кой эти. экспортэттин баасы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

02.10.2026
Эми эт белгиленген баада гана сатылат: Бирдиктүү баалар жарыяланды

Эми эт белгиленген баада гана сатылат: Бирдиктүү баалар жарыяланды

17.09.2026
АКШда бодо малдын тартыштыгынан улам уй этинин баасы кескин кымбаттады

АКШда бодо малдын тартыштыгынан улам уй этинин баасы кескин кымбаттады

07.08.2026
Т. Мамытов: Дыйканды коргоо – азык-түлүк коопсуздугун урматтоо

Т. Мамытов: Дыйканды коргоо – азык-түлүк коопсуздугун урматтоо

08.07.2026
Эт импортуна квоталарды бөлүштүрүүдөгү коррупциялык схема аныкталды

Эт импортуна квоталарды бөлүштүрүүдөгү коррупциялык схема аныкталды

04.06.2026
Өзбекстан: Уй эти бир жумада 7% кымбаттады — эт базарында эмне болуп жатат?

Өзбекстан: Уй эти бир жумада 7% кымбаттады — эт базарында эмне болуп жатат?

25.03.2026
Эмнеге эттин баасы кымбаттап, айыл чарбасы өнүкпөй жатат?

Эмнеге эттин баасы кымбаттап, айыл чарбасы өнүкпөй жатат?

17.03.2026
Өзбекстан: эттин баасы кайрадан жогорулай баштады

Өзбекстан: эттин баасы кайрадан жогорулай баштады

02.02.2026
«Ош базары» жана «Орто-Сай» базарларында эттин баасы текшерилди

«Ош базары» жана «Орто-Сай» базарларында эттин баасы текшерилди

15.12.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
212 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.