УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишмердүүлүк чөйрөсүндө Ветеринардык кызматтын бир топ кызмат адамдары көзөмөл-уруксат берүү функцияларын аткарууда коррупциялык схемаларды уюштуу фактысы боюнча кармалышты.
Тергөө тарабынан аныкталгандай, кармалгандар эт продукциясын өлкө аймагына импорттоо үчүн уруксат берүүчү документтерди берүү жана тиешелүү квотаны бөлүп берүүдө мыйзамсыз акча каражаттарын алуу ишине катышкан.
Мурда алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Ветеринардык кызматтын аймактык башкармалыгынын жетекчиси жана улук инспектору кылмыш үстүндө кармалды. Алар КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иликтенип жаткан кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетүүчү жагдай, акыркы күндөрү Кыргызстанда бир килограмм эттин баасы 1000 сомго чейин көтөрүлүп кеткендиктен, коомчулукта нааразычылык күч алууда. Ал эми тиешелүү мамлекеттик органдар бул жагдайга фермерлерден этти дүңүнөн сатып алып, үстүнө кошуп саткан ортомчуларды күнөөлөп келишет. Мисалы, фермер өзү баккан уйду союп, анын бир килограммын дүңүнөн 600 сомдун тегерегинде сатса, аны алып-сатарлар үстүнө 400 сомдой кошуп сатышууда.
Ошондуктан айрым ишкерлер Россия, Казакстан, Монголия жана башка өлкөлрдөн этти же малдын өзүн тирүүлөй дүңүнөн алып келип, сатышууда. Ал эми тиешелүү мамлекеттик органдар (Ветеринардык инспекция) тарабынан алар эт же тирүүлөй малды импорттоо үчүн уруксат алышы керек.





















