Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Эмнеге эттин баасы кымбаттап, айыл чарбасы өнүкпөй жатат?

  • Эксперттин пикири
  • 17.03.2026 15:23

Loading

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери өлкөнүн айыл чарба тармагына тынымсыз сын айтылып келүүдө. Анын көп себеби бар.

Негизгиси – Талгарбеков жүргүзгөн алгачкы жер реформасы туура эмес аткарылган.

Жердин менчикке өтүүсү өтө туура болгон. Бирок бул жерде эки орчундуу ката кетирилген.

Тема боюнча

Балык темасынан башталган дебат: түз эфир айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү чече алдыбы?

Балык темасынан башталган дебат: түз эфир айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү чече алдыбы?

09.10.2026

Биринчиси айдоо жерлердин 25 пайызы мамлекеттин эсебинде калып кеткен. Дал ушул жерлерди пайдалануунун, ижарага берүүнүн айланасында коррупциялык көрүнүштөр тамырлап, отоо чөп сыяктуу тармакка зыян келтирүүдө.

Экинчиси, колхоз-совхоз системасын, ири чарбаларды таркатууну кесипкөйлүк менен жүргүзүү зарыл болчу. Кантип? Мен ошол учурда эле сунуштагам – совхоз аттуунун баарын жоюп, колхоздорго айландыруу керек. Совхоздордон айырмаланып колхоздор менчик кооперативдер эле. Кооперативдерди башкаруунун ыкмаларын замандаштырып, айылдагы негизги өндүрүш каражаттарын талап-тоноп, бөлүшүп, талкалап салуу аракеттерин алдын алыш керек болчу.

Жер тартыштык көйгөйү дүйнө жүзүндө илгертеден бар. Дал ушул көйгөйдүн өзү бардык согуштардын себепчиси болуп келгендиги сыр эмес.

Бизде да жер тартыш – маңдайыбызга жазган 1 250 000 гектар айыл чарба жербизди чоюп чоңойто албайбыз.

Өндүрүштү өнүктүрүүнүн эки жолу бар – экстенсив жана интенсив.

Биздин айыл чарба өндүрүшүнө карата экстенсив жолу – бул айдоо жерлеринин аянтын кеңейтүү. Бирок өйдө жакта айтып кеттик – жерибизди чоюп чоңойто албайбыз. Демек, 614 миң кунарсыз жерди эсепке албаганда, экстенсив ыкмасы менен өнүгүү мүмкүн эмес.

Ошондо бизде бир гана жол бар – айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү интенсив жолго жетелеп, “ара төрөлгөн” жер реформасын аягына чыгаруу актуалдуу.

Интенсив – бул өзүнчө чоң тема. Кыргызстанга айыл чарба продукциялары көбүнчө сырттан киргизилет. Бизде өзүбүздү, ички рынокту камсыздоого эмне жетишпейт?

Элди азык-түлүк менен камсыздоо, азык-түлүк коопсуздугу, эттин баасын көзөмөлдөө, экспортко тыйуу салуу, антимонополиялык коррупциялашкан мекемеге шылтап актануу, жетишпеген продукцияны сырттан ташып келүү сыяктуу дооматчыл, большевиктердин ураан-багытына окшогон ыкмалардын баары тең жарабай турганы белгилүү болду. Нанды “нана” деп, тили чыга элек баланын акылы менен айыл чарба тармагын өнүктүрүү таптакыр мүмкүн эмес экендигин турмуш өзү көрсөттү.

Тилекке каршы, айыл чарба тармагын башкарууга бир да реформатор, новатор, кесипкөй жетекчи тартыла элек.

Эркин базар экономикасынын кучагында жашап жатабыз. Тактап айтканда айыл тургундары, фермерлер кимдир бирөөнү азык-түлүк менен камсыздоого милдеттүү эмес.

Фермерлер, айылдагы ар бир үй-бүлө рентабелдүүлүгү жогору болгон өсүмдүктөрдү өстүрүп, берекелүү киреше табууну көздөп иш тутуусу шарт. Кирешеси жок үй-бүлөнүн келечеги ички жана сырткы миграцияга барып такалышын башыбыздан кечирип келе жатабыз. Анан кантип айыл тургундары элдин башка катмарын арзан эт менен камсыз кылып турушу керек?

Өзбекстанга тирүү малды экспорт кылууга тыйуу салынган күндүн эртеси эле этин баасы өсө баштаган. Ошондогу эттин баасы 350 сом болчу, мына азыр 700 сомго көтөрүлдү. Эттин баасын эч ким көзөмөлдөп арзандата албайт.

Мал баккан фермерлерге мамлекет эркиндик берип, шарт түзүп берсе, өзүбүздө өндүрүлгөн эттин жалпы көлөмү көбөйсө эттин баасы салыштырмалуу туруктуу болоору анык.

Жыйынтык – бизге элди туура жолго жетелей билген кесипкөй жетекчилер керек.

Бизде 50… 100 гектар болгон кенен талааларыбыз деле өтө аз. Арасынан жол өтөт, арык өтөт, сай өтөт дегендей. Айдоо жерлерибиздин өзү негизинен майда-майда. Алар менчиктештирилип кеткен. Элибиз менчик жерди натыйжалуу пайдаланууну өздөштүрүп, тың оокат жасоону үйрөнүп калды.

Болду, аларга тийбегиле, бай болгурлар деген киши жок.

Биз куру жомокторду токуй бериштин ордуна айыл чарбасына тиешелүү жаңы технологияларды өздөштүрүү, жаңылануу жолуна түшкөнүбүз оң.
Органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүүнүн өзү жөн эле мода эмес – бул замандын талабы.

Ошондуктан фермерлерибиздин органик өндүрүмдөрдү өстүрүүгө өтүшүн колдоп, органик дыйканчылыктагы атаандаштыктын күчөшүн шарттап, шамалга каршы жүрүш жасаганыбыз дурус.

Таза азык-түлүк дарылап, “зордоп” өстүрүлгөн өндүрүмгө салыштыра келгенде эки эсе кымбат болсо таң калбашыбыз керек.

Манас Саматов
фермер, техника илимдеринин кандидаты, эл аралык консультант

Булак: caravan-info.kg

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: айыл чарба азыктарыАйыл чарба министрлигиэттин баасы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Таластын органикалык азыктары эми дүйнөлүк рынокто сатылат

Таластын органикалык азыктары эми дүйнөлүк рынокто сатылат

12.10.2026
Балык темасынан башталган дебат: түз эфир айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү чече алдыбы?

Балык темасынан башталган дебат: түз эфир айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү чече алдыбы?

09.10.2026
А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

02.10.2026
Эми эт белгиленген баада гана сатылат: Бирдиктүү баалар жарыяланды

Эми эт белгиленген баада гана сатылат: Бирдиктүү баалар жарыяланды

17.09.2026
Орусияда 100 млн тоннадан ашык дан жыйналды — Айыл чарба министрлиги

Орусияда 100 млн тоннадан ашык дан жыйналды — Айыл чарба министрлиги

27.08.2026
АКШда бодо малдын тартыштыгынан улам уй этинин баасы кескин кымбаттады

АКШда бодо малдын тартыштыгынан улам уй этинин баасы кескин кымбаттады

07.08.2026
Т. Мамытов: Дыйканды коргоо – азык-түлүк коопсуздугун урматтоо

Т. Мамытов: Дыйканды коргоо – азык-түлүк коопсуздугун урматтоо

08.07.2026
Эт импортуна квоталарды бөлүштүрүүдөгү коррупциялык схема аныкталды

Эт импортуна квоталарды бөлүштүрүүдөгү коррупциялык схема аныкталды

04.06.2026
Өзбекстан: Уй эти бир жумада 7% кымбаттады — эт базарында эмне болуп жатат?

Өзбекстан: Уй эти бир жумада 7% кымбаттады — эт базарында эмне болуп жатат?

25.03.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
217 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.