Орусияда 2026-жылдын 26-августуна карата жыйналган дан эгиндеринин жалпы көлөмү 100,5 млн тоннага жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 12,5%га жогору. Бул тууралуу Орусиянын Айыл чарба министрлиги билдирди.
«Орусияда оруп-жыюу өнөктүгү уланууда. Бүгүнкү күнгө карата дан жана дан буурчак өсүмдүктөрү эгилген аянттардын 27,9 млн гектары, же 65%дан ашыгы бастырылды. 100,5 млн тонна дан жыйналды, бул өткөн жылдын деңгээлинен 12,5%га жогору. Бул көлөм өлкөнүн муктаждыктарын толук камсыз кылууга жетиштүү», — деп айтылат маалыматта.
Ведомство быйыл орточо түшүмдүүлүк 4,3%га өсүп, гектарына 36 центнерди түзгөнүн белгиледи.
«Оң динамика, анын ичинде, дыйкандардын заманбап технологияларды жана селекциялык жетишкендиктерди, жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, санариптик жана башка чечимдерди активдүү колдонушуна байланыштуу», — деп белгиледи Айыл чарба министрлиги.
«Күздүк эгиндерди себүү иштери да күч алууда: буга чейин 482,7 миң гектар жерге эгин себилди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 125,3 миң гектарга көп», — деп кошумчалашты Орусиянын ведомствосунда.


















