Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Таластын органикалык азыктары эми дүйнөлүк рынокто сатылат

  • Аналитика
  • 10.10.2026 18:19

Loading

Кыргызстан тээ СССРдин учурунда эле айыл жана мал чарбасына ылайыкташкан өлкө катары белгилүү болчу. Анткени тоолуу, абасы менен суусу таза жергебизде эт, сүт, жашылча-жемиштердин түрлөрүн өстүрүү ыңгайлуу жана ал азыктар даамдуу болот. Бирок  сапаттуу жер-жемиштерди өндүргөн дыйкан, фермерлер эмгегинин үзүрүн көрбөй келишет. Мындай көйгөйдү эми “Талас органик” агрокомплекси чечмекчи.

Бул артыкчылыгыбызды кээде өзүбүз байкабаган менен жергебизге келген чет элдиктер баалашып, айрыкча этибиз менен сүтүбүзгө тамшанып жүрүшөт.

Эсимде,  балалык кезимде айылыбыздагы (Лейлек районунун Кара-Булак айылы) ар бир үй-бүлө огородунда өстүргөн алмасын Өзбекстандын Алмалык деген шаарына алпарып, атайын алма базарда жакшы баага сатып келишчү. Анткени Ташкенттин четинде жайгашкан бул шаарда аммиак, селитра жана башка жер семирткичтерди өндүргөн завод болгондуктан (азыр да бар), анда иштеген жумушчулар сөзсүз алма жеш керек экен.

Тема боюнча

А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

02.10.2026

Жакында белгилүү багбан, алма көчөттөрүн эгүүнү өлкөбүздүн баардык аймактарында  колго алып жүргөн агабыз Манас Саматов социалдык баракчасында “Ташкентте Кыргызстандын алмаларын өтө жогору баалашып, тойлорго “кыргыз алма” деп атайын сатып алышат”,- деп жазды. Ал эми Кыргызстандын балы менен эти чет өлкөлөрдө кандай жогору бааланарын айтпасам деле баарыңыздар жакшы билесиздер. Болгону Легендарлуу парламенттин спикери, Кыргызстандын Иран Ислам Республикасында Элчи болуп иштеген Медеткан Шеримкулов агабыздын бизге берген маегинде “Тегерандын дүкөндөрүнө Кыргызстандын эти түшкөндө адамдар кезекке туруп, талашып алышат…”,- деп айтканын кыстара кетейин. Айтылуу “Куликов” кондитердик фабрикасынын ийгилигинин сыры да – сапаттуу сүттөн болууда.

ДСУнун маалыматы:

ГМО жана химиялык жер семирткичтердин адамдын ден соолугуна тийгизген таасири

ГМО — генетикалык материалы атайын өзгөртүлгөн организмдер. Алардан алынган азыктардын коопсуздугу ар бир продукт боюнча өзүнчө текшерилет. Илимий изилдөөлөргө ылайык, уруксат берилген жана коопсуздугу бааланган ГМО азыктары кадимки азыктарга караганда сөзсүз зыяндуу деп эсептелбейт.

Химиялык жер семирткичтер өсүмдүктөрдүн өсүшүн тездетүү жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонулат. Бирок аларды ашыкча же туура эмес пайдалануу топуракты жана сууну булгап, айрым азыктарда нитраттардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Нитраттардын өтө көп өлчөмү, өзгөчө ымыркайлар үчүн, ден соолукка коркунуч жаратышы мүмкүн.

Ден соолукка мүмкүн болгон терс таасирлери

  • Аллергия: айрым азыктардын курамындагы белоктор аллергиялык реакция жаратышы мүмкүн.
  • Нитраттардын ашыкча болушу: өзгөчө ымыркайлар үчүн кооптуу болушу мүмкүн.
  • Пестициддердин калдыктары: жер семирткичтерден айырмаланып, зыянкечтерге каршы колдонулган химиялык каражаттардын калдыктары да туура эмес пайдаланылганда ден соолукка зыян келтириши мүмкүн.
  • Айлана-чөйрөнүн булганышы: химиялык каражаттарды ашыкча колдонуу топуракка жана сууга терс таасирин тийгизет.

Тилекке каршы биздин дыйкандар менен фермерлер кээде ошол өздөрү өндүргөн эт, сүт, жашылча-жемиштердин пайдасын көрбөй же кайра зыян тартып келишет. Бул жагдай бир чети ортодогу алып-сатарлар өндүрүүчүлөрдүн таман акы, маңдай терин төгүп тапкан түшүмүн өтө арзан алып, үстүнө 2-3 эсе коюп саткандыгында болсо, экинчиден биздин азыктар Европанын жана башка кымбат сатып ала турган өлкөлөрдүн рыногуна чыкпай жаткандыгында.

Бул тармакта азыр Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары кызматына дайындалган, “Бай элим” компаниясынын негиздөөчүсү Рысгүл Акимжанова Чүй облусунда жүздөгөн гектар жерди өздөштүрүп, ал жерге помидор, бадыраң эгип, томатты, туздалган бадыраңды, Таластын төө буурчагын консервалап, ата мекендик өндүрүштү жандандырууда жана жүздөгөн адамдарды жумуш менен камсыз кылып, өлкөбүздүн экономикасы менен ата мекендик өндүрүштүн өсүшүнө салым кошуп  келет.


Бирок европалыктар биз өндүрүп, сунуштаган азыктарды жөн эле базардагыдай сатып ала коюшпайт экен. Алар экологиялык жактан таза, эч кандай хмиялык жер семирткичтер жана ГМО колдонулбай өстүрүлгөн органикалык таза азык экендигин тастыктаган сертификат талап кылышат. Ал эми мындай тастыктама жөн эле берилбейт жана андай жоопкерчиликти моюнга алган тарап тыкыр текшерүү жүргүзөт.

Бул милдетти кайра эле “Бай элим” компаниясы колго алып, Р. Акимжанова өзү 4-5 жыл мурда  Таласта ишти баштап, Ч. Айтматов районунун Ак-Башат айылынан көп жыл эч кандай эгин эгилбеген, суу чыкпаган, шыбак гана өскөн кайрак 300 гектар жерди ижарага алып, өздөштүрө баштаган.


Бирок бул долбоорду ишке ашыруу үчүн өтө чоң суммадагы каражат талап кылынат. Себеби өндүрүлгөн азыкты заманбап техника менен терип, жыйнагандан тышкары чоң көлөмдөгү муздаткыч-кампа да куруу керек. Бул долбоор “Альянс – Алтын” фонду тарабынан колдоого алынып, 320 млн. сом  бөлүнгөн. Ал каражатка 1500 тонна жашылча, жемиш бата турган муздаткыч-кампа, ишкананын кеңсеси жана башка баардык зарыл комплекстер курулуп, картошканы эккенден тартып, түшүмүн жыйнаган, андан соң сорттоп, бөлүп берген техникалар Германиядан сатылып алынган. Азырынча ишканада 20-30 адам туруктуу, сезон учурунда 100-200 адам жумуш менен камсыз болууда.

Ал эми эл аралык сертификат Qazag Bio Control компаниясы тарабынан берилди.

“Талас Органик” агрокомплексинин органика секторун өнүктүрүү боюнча консультанты, Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрүү боюнча көп жылдардан бери бир нече долбоорлорду ишке ашырып келаткан Бермет Турсалиеванын айтуусунда, буюрса башталып жаткан долбоордун келечеги кең. Анткени ишкана жайгашкан аймактан 40 километр ары жакта Казакстандын Тараз облусунун чек арасы башталат. Бул деген өтө чоң рынок. Казак боордоштордун базарын айтпаганда да, ири супермаркеттери Кыргызстандын органикалык таза азыктарды сатып алышарын көптөн бери айтып келишет.

Быйыл сыноо иретинде 35 гектар аянтка картошка эгилип, бүгүнкү күндө түшүмү атайын техниканын жардамы менен жыйналууда. Келерки жылдары дагы башка жер-жемиштердин түрлөрү өстүрүлмөкчү. Ишкананын кампасында өндүрүлгөн продукция атайын “Талас органик” деген жазуусу бар баштыктарга салынып, жергиликтүү соода түйүндөрүнөн тартып, кошуна Казакстан, Россия, Европага чейин экспорттолмокчу.

“Талас органиктин” башкы агроному Мыктыбек Алмаматовдун айтуусунда, быйыл жыйналып алынган картошканын түшүмү уруктук катары сакталып, келерки жылы көбүрөөк аянтка эгилмекчи. Бирок сугат суу көйгөйлүү жагдай болгондуктан, эң алгач ушул маселени чечүү зарыл болууда. Суу атайын жасалган көлмөлөрдөн шланга менен тартылып келет. Эгер келерки сезонго чейин жасалма суу көлмөлөрүн көбөйтүп, аларга суу толтурулса, картошкадан тышкары да башка өсүмдүктөрдүн түрлөрү эгилмекчи. Сууну үнөмдөө үчүн тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмалары колдонулат.

Ишкананын ачылыш аземинде Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев буларга токтолду:

«Бүгүн биздин аймак органикалык өндүрүшкө жол ачты десек болот. Ири ишканаларды гана эмес, чакан ишканаларды да өнүктүрүп, аларга сертификат алууга жана эл аралык талаптарга жооп берүүгө жардам беребиз.

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Ак-Башат айылында «Талас Органик» агрокомплекси ачылды. Аталган жай органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү, сактоо, сорттоо жана таңгактоо боюнча иш алып барат.

Агрокомплексте 1500 тонна продукцияга ылайыкталган муздаткыч , сорттоо жана таңгактоо борбору, агролаборатория жана башка өндүрүштүк инфраструктура иштейт. Мындан тышкары 300 гектар органикалык талаа бар. Негизинен картошка, буурчак, клубника, малина, бадыраң, калемпир жана башка айыл чарба продукциялары өстүрүлөт. Өндүрүштө сууну үнөмдөөчү тамчылатып жана чачыратып сугаруу системалары колдонулат.

Өзгөчөлүгү «Талас Органик» эл аралык органикалык сертификациядан өтүп, Qazaq Bio Control тарабынан сертификат алган Таластагы алгачкы ири агро комплекс болуп калды. Бул долбоор урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан колдоого алынып, 320 млн сом инвестиция салынып, каржылоо «Альянс Алтын» тарабынан жүргүзүлдү.

 

1 of 15
- +

1. PrintIM

2. PrintIM

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

11.

12.

13.

14.

15.

Комплекс жергиликтүү фермерлерге да продукциясын сактоо, сорттоо, калибрлөө жана таңгактоо кызматтарын сунуштайт. Мындан тышкары, органикалык өндүрүшкө өтүү, сертификацияга даярдануу жана рынокко чыгуу боюнча колдоо көрсөтүлөт. Долбоордун алкагында 20–30 туруктуу, түшүм жыйноо маалында 100–200 сезондук жумуш ордун түзүү каралган.

Келечекте органикалык талаалардын аянтын 500 гектарга чейин кеңейтүү, тоңдуруу, кургатуу жана консервациялоо линияларын ишке киргизүү, ошондой эле продукцияны Казакстан, Россия жана Европа рынокторуна экспорттоо пландалууда. Ийгиликтер коштосун!

Эмилбек Момунов,

Бишкек-Талас-Бишкек

Сүрөттөр: автордуку

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: "Талас органик"азык-түлүк коопсуздугуАйыл чарба министрлиги
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Балык темасынан башталган дебат: түз эфир айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү чече алдыбы?

Балык темасынан башталган дебат: түз эфир айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү чече алдыбы?

09.10.2026
А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

02.10.2026
WSJ: Жер семирткичтерге байланыштуу көйгөйлөрдөн улам АКШда азык-түлүк кризиси болушу мүмкүн

WSJ: Жер семирткичтерге байланыштуу көйгөйлөрдөн улам АКШда азык-түлүк кризиси болушу мүмкүн

30.08.2026
М. Саматов: “Өндүрүштү өздөштүрүү доорунда жашап жатабыз”

М. Саматов: “Өндүрүштү өздөштүрүү доорунда жашап жатабыз”

09.07.2026
Муфтияттын “Адал” бөлүмүнүн башчысы М. Атабаев: “Биз азык-түлүктөргө шариаттык экспертиза жүргүзөбүз”

Муфтияттын “Адал” бөлүмүнүн башчысы М. Атабаев: “Биз азык-түлүктөргө шариаттык экспертиза жүргүзөбүз”

05.07.2026
БУУнун эксперттери Ормуз кысыгынын жабылышы дүйнөлүк азык-түлүк кризисин жаратышы мүмкүндүгүн эскертти

БУУнун эксперттери Ормуз кысыгынын жабылышы дүйнөлүк азык-түлүк кризисин жаратышы мүмкүндүгүн эскертти

21.05.2026
АКШнын Иранга каршы деңиз блокадасы согуш кылмышы катары бааланууда

АКШнын Иранга каршы деңиз блокадасы согуш кылмышы катары бааланууда

12.05.2026
Улуу Британия Иран менен болгон согуштун экономикалык кесепеттери дагы бир нече айга созулушу мүмкүн деп кооптонууда

Улуу Британия Иран менен болгон согуштун экономикалык кесепеттери дагы бир нече айга созулушу мүмкүн деп кооптонууда

27.04.2026
БУУ: Дүйнөдө катастрофалык ачарчылыкка кабылган адамдардын саны тогуз эсеге өстү

БУУ: Дүйнөдө катастрофалык ачарчылыкка кабылган адамдардын саны тогуз эсеге өстү

27.04.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.