Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барганын Ислам Республикасынын дипломатиялык ведомствосу билдирди.
“Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Арагчи делегациянын баштап Бириккен Улуттардын Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясына катышуу үчүн жума күнү кечинде АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Жон Кеннеди аэропортуна конду”, – деп айтылат ведомствонун сайтындагы билдирүүдө.
Маалыматка караганда, бул сапарда Аракчини Тышкы иштер министринин саясий орун басары Мажид Тахт Раванчи жана Тышкы иштер министрлигинин укутук жана эл аралык иштер боюнча орун басары Казем Гарибабади коштоп барды.
10-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясы башталды. 79-сессиясынын негизги иш-чарасы салттуу түрдө жогорку деңгээлдеги жумалык болот, анын алкагындагы талкуулар 24-сентябрдан 30-сентябрга чейин 29-сентябрдагы тыныгуу менен өтөт. Ага ондогон мамлекеттердин министрлери жана лидерлери катышаары күтүлүүдө.
Ирандын президенти Масуд Пезешкян жыйынга катышуу үчүн Нью-Йоркко келерки жекшембидеги барары белгиленген.


















