“Нетаньяху силердин Ирандын күчтүү куралдуу күчтөрү Израилди агрессиясы үчүн кантип жазалап жатканын көрүшүңөрдү каалабайт”.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчи X социалдык тармагында жазды.
Ал белгилегендей, Ирандын майдандагы күчтөрү ракеталардын чабуулунан улам Израилде кеңири кыйроолор болуп, лидерлери дүрбөлөңгө түшүп, абадан коргонуу системалары иштебей калганын билдиришүүдө.
Аракчинин айтымында, бул башталышы гана.

Буга чейин Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израиль менен АКШнын буталарына каршы «эң күчтүү» соккулардын 37-толкунун жүргүзгөнүн маалымдаган.
Соккулар учурунда Тель-Авивдин түштүгүндө жайгашкан спутник байланыш борбору экинчи жолу аткылоого алынган. Ошондой эле аскердик объектилерге — Баэр-Яаковдо, Батыш Иерусалимде, Хайфада, мындан тышкары АКШнын Эрбилдеги жана аймактагы 5-деңиз аскердик базасындагы көптөгөн буталарга чабуул жасалган.
Бул операцияда ракеталар үч сааттан ашык убакыт бою учурулуп, “Хоррамшахр” аттуу өтө оор ракеталар колдонулду. Чабуулдар көп деңгээлдүү жана үзгүлтүксүз түрдө АКШнын базаларына жана израилдик режимдин объектилерине каршы жүргүзүлгөн.














