Эпштейндин мойнундагы из муунтуп асып өлтүрүүгө мүнөздүү белгилерге туура келбейт — профессор Майкл Фримен.
Америкалык соттук-медициналык эксперт, профессор Майкл Фримен финансисттин өлүмү өз жанын кыюу эмес, муунтуп өлтүрүүнүн натыйжасы болгонун билдирди. Ал мындай тыянакка Джеффри Эпштейндин өлүмү боюнча жүргүзүлгөн экспертизанын материалдарын изилдегенден кийин келген.
BBC телеканалына берген маегинде Фримен дээрлик бир жыл бою Эпштейндин агасы Марк Эпштейн берген өлүкканалык экспертизанын корутундусун жана сүрөттөрдү изилдегенин айтты.
Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында эксперт Эпштейндин өлүмү өз жанын кыюунун эмес, киши өлтүрүүнүн натыйжасы деген бүтүмгө келген.
Фримендин айтымында, Эпштейндин мойнундагы из муунуп асып өлүүгө мүнөздүү белгилерге туура келбейт. Анын сөзүнө караганда, маркумдун мойнунан терең жана тегиз эмес издер табылган.
Мындан тышкары, эксперт Эпштейндин сол ийининин тушундагы олуттуу кан куюлууга жана бетиндеги соккудан пайда болушу мүмкүн болгон жаракаттарга көңүл бурган.
Фримендин божомолуна ылайык, Эпштейнди артынан жипке окшош буюм менен муунтуп өлтүрүшкөн. Андан кийин ошол эле буюмду колдонуп, анын сөөгүн эки кабаттуу керебетке асып коюшкан болушу мүмкүн.
Эксперт ошондой эле Эпштейндин мойнундагы тырмак издери муунтулуп жаткан учурда бошонууга аракет кылганынан пайда болушу мүмкүн деп эсептейт.
«Жаракаттардын мүнөзү дене табылган абалга туура келбейт. Мунун бир гана түшүндүрмөсү бар — өлүм киши өлтүрүүнүн натыйжасында болгон», — деп билдирген Фримен.
Ошол эле учурда 2019-жылы өлүккана экспертизасын жүргүзгөн соттук-медициналык эксперт Эпштейндин денесинен табылган жаракаттар өз жанын кыюуга туура келет деген тыянакка келген. Анын корутундусунда киши кол салган учурда каршылык көрсөтүүдөн пайда болушу мүмкүн болгон жана адам өлтүрүүнү тастыктай турган мүнөздүү жаракаттар аныкталбаганы белгиленген.
Джеффри Эпштейндин иши
Джеффри Эпштейн ондогон жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө жана сексуалдык эксплуатация тармагын уюштурууга айыпталган. Ал 2019-жылдын 10-августунда Нью-Йорктун Манхэттен районундагы Метрополитен түзөтүү борборундагы камерасынан өлүк табылган. Ал учурда Эпштейн камакта кармалып турган.
Эпштейндин иши боюнча коомчулукка жарыяланган материалдарда көптөгөн белгилүү адамдардын ысымдары аталган. Алардын арасында мурдагы ханзаада Эндрю, АКШнын президенти Дональд Трамп, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон, Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Барак, АКШнын мурдагы вице-президенти Альберт Гор, актёр Кевин Спейси, ырчы Майкл Жексон, иллюзионист Дэвид Копперфильд, адвокат Алан Дершовиц жана Нью-Мексико штатынын мурдагы губернатору Билл Ричардсон бар.
Ошол эле учурда иштин материалдарында адамдын ысымынын аталышы анын кылмыштарга тиешеси бар экенин өзүнөн өзү далилдебейт.
АКШнын Федералдык тергөө бюросу (ФТБ) Юстиция министрлиги менен биргеликте жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Эпштейндин таасирдүү адамдар кирген делген «кардарларынын тизмеси» бар экенин тастыктаган далилдер табылбаганын билдирген.
Ошондой эле мекемелер Эпштейн жогорку кызматтагы чиновниктердин, белгилүү адамдардын жана ишкерлердин кылмыштарга тиешеси бар экенин жашыруу максатында өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деген версияга карабастан, ал чындыгында түрмөдөгү камерасында өз жанын кыйган деген тыянакка келишкен.
















