Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын Борбордук командачылыгына (CENTCOM) “ыраазычылык” билдирип, Вашингтон Иранга коңшу өлкөлөрдүн аймагында HIMARS ракеталык системаларын жайгаштырып жана колдонуп жатканын моюнга алганын айтты.
Бул тууралуу Аракчи X социалдык тармагындагы баракчасында мындай деп жазды:
«АКШнын Борбордук командачылыгына (CENTCOM) биздин коңшу өлкөлөрдүн аймагын HIMARS комплекстерин жайгаштыруу жана калкыбызга кыска аралыктагы ракеталарды атуу үчүн колдонуп жатканын моюнга алгандыгы үчүн рахмат. Кыязы, Кешм аралындагы тузсуздандыруу станциясына жасалган сокку да ушундай жол менен ишке ашырылган».
Ирандык дипломат кошумчалагандай, эгер Иран өз ракеталары менен бул америкалык системаларды кайсы коңшу өлкөдө болбосун жок кылса, анда эч ким нааразы болбошу керек.
АКШ менен Израилдин Иранга кол салуусу
28-февралда АКШ жана Израиль Иранга каршы ири масштабдагы согуш баштаган.
Тель-Авив операциянын максаты — Тегерандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирген.
Вашингтон болсо Ирандын флотун, коргонуу өнөр жайын жок кылуу коркунучун айткан жана өлкө жарандарын бийликти кулатууга чакырган
Кол салуунун биринчи эле күнү Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи каза болгон. Өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланган.
Жооп катары Иран Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине соккуларды улантууда.


















