Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи аймактык маселелер боюнча дипломатиялык консультацияларды улантуу максатында расмий делегацияны жетектеп Бахрейнге келди.
Ирандын тышкы иштер министри Бахрейнге келгенге чейин чөлкөмдүн бир катар өлкөлөрүндө болгон. Аракчи Ливан, Сирия, Сауд Аравия, Катар, Ирак, Оман, Иордания жана Түркияга барган. Бул сапарлар Газа жана Ливандагы учурдагы кырдаалды талкуулоо максатын көздөйт.

Жолугушууга Бахрейндин Тышкы иштер министри жана Сот иштери боюнча министри да катышып, анда аймактагы акыркы кырдаал талкууланып, Израиль режиминин Газа жана Ливан калкына карата уланып жаткан кылмыштары жана агрессиялары тууралуу пикир алмашылды.
Аракчи Газа тилкесиндеги жана Ливандагы геноцид жана агрессияны токтотуу үчүн ислам өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо максатында аймактагы өлкөлөр менен өткөргөн кеңири консультацияларына токтолуп, сионисттик режимдин колдоочуларына, анын ичинде АКШга кысым көрсөтүү үчүн сионисттик режимди согуштук аракеттерди токтотууга мажбурлоо үчүн бардык исламий өлкөлөрдүн, өзгөчө аймак өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ирандын ТИМ башчысы Газа жана Ливандагы гуманитардык абалды оор деп сыпаттап, баскынчы режимдин Газа жана Ливанга азык-түлүк жана дары-дармек жеткирилишине атайылап тоскоолдук кылышын сионисттик режимдин геноциддик планынын бир бөлүгү катары мүнөздөдү.
Ал Ислам өлкөлөрүнүн Газа жана Ливан калкына гуманитардык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Бахрейндин падышасы өз кезегинде Иран Ислам Республикасынын аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту коргоо жана чыңалуунун күчөшүнө жол бербөө боюнча дипломатиялык кадамдарын жогору баалап, өлкөсүнүн согуш жана кагылышуулардын жайылышын алдын алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.

Бул сапардын жүрүшүндө Аракчи ошондой эле Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф Бин Рашид аль Заяни менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда тараптар аймактагы коопсуздук абалы жана орун алган коркунучтар менен күрөшүү жолдорун талкуулап, пикир алмашышты.
Иран менен Бахрейндин тышкы иштер министрлери Батыш Азиядагы стабилдүүлүк менен коопсуздукту камсыз кылуу, Газа жана Ливанда бейкүнөө адамдардын өлтүрүлүшүн токтотуу үчүн жамааттык аракет жана аймактагы мамлекеттердин ортосунда биргелешкен күч-аракеттерди жана тыгыз кызматташтыкты күчөтүү, ошондой эле гуманитардык жардам жеткирүү үчүн өтмөктөрдү жана транспорт жолдорун ачуу зарылдыгын баса белгилешти.


















