Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан Тажикстандын борбору Душанбеге жөнөп кетти.
Бул сапар тажик президенти Эмомали Рахмондун расмий чакыруусу жана эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча диалог жана консультацияларды жүргүзүү үчүн жасалууда.
Бул Иран Ислам Республикасынын президентинин Евразия чөлкөмүнө биринчи сапары.
Бул сапар анын республиканын лидери катары Душанбеге болгон алгачкы сапары жана ал эки күнгө созулуп, анын жүрүшүндө президент Эмомали Рахмондун кабыл алуусунда болот.
Бул жолугушуу Тажикстан менен Ирандын лидерлери үчүн Пезешкяндын инаугурациясынан кийинки экинчи жолугушуу болмокчу. Биринчиси Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өткөн.
Пезешкианды бул сапарда Тышкы иштер министри Аббас Аракчи, мунай министри Мохсен Пакнежад, экономика министри Абдолнасер Хеммати, айыл чарба министри Голамреза Нури Кезелчех, Атомдук энергия боюнча уюмдун башчысы Мохаммад Эслами, энергетика министри Аббас Алиабади, Жол жана шаар курулуш министри Фарзане Садех жана Борбордук банктын жетекчиси Мохаммад Реза Фарзин коштоп барат.
Тажикстанга болгон сапардын алкагында Иран менен Тажикстандын расмий өкүлдөрүнүн ортосунда маанилүү экономикалык, соода жана маданий документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Бул сапардын алкагында Тажикстанга Ирандан 120дан ашык ишкерден турган чоң делегация барды.
Коноктордун арасында маданий мурастар министри Реза Салехи Амири жана Ирандын соода жана өнөр жай башкармалыгынын башчысы Самед Хасанзаде бар экенин Ирандын Тажикстандагы элчилигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянуу менен Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.
Тажикстандын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети билдиргендей, Душанбеде инвестиция жана туризм боюнча тажик-иран конференциясы өтөт. Ага эки тараптан 400 адам катышары пландалууда.
Конференцияда тажик жана ирандык ишкерлердин кызматташуусу боюнча документтерге кол коюу пландалууда.
Белгилей кетсек, Пезешкян Тажикстандан ары 17-январда Россияга барууну пландоодо.


















