Иран эч качан өзөктүк курал жасоого умтулбайт, анткени ага Ислам Республикасынын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи тыюу салган.
Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкян Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси менен Тегеранда жолугушууда билдирди.
«Жогорку лидердин фатвасына таянып, биз эч кандай жол менен өзөктүк курал жасоого умтулган эмеспиз жана умтулбайбыз, бул саясаттан эч кимдин четтөөсүнө жол берилбейт», – деген Пезешкяндын сөзүн анын маалымат кызматы келтирди.
Ирандын президенти Тегеран ыктымал көйгөйлөрдү чечүү жана өлкөнүн тынчтык максаттагы өзөктүк ишмердүүлүгүнө байланыштуу шектенүүлөрдү жоюу үчүн МАГАТЭ менен кызматташууга жана жакындашууга даяр экенин белгиледи.
Анын айтымында, Ирандын өзөктүк программасынын тегерегиндеги келишимдердин бузулушуна АКШ күнөөлүү.
“МАГАТЭнин докладдарына ылайык, биз биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы боюнча бардык милдеттенмелерибизди аткардык, бирок АКШ 2018-жылы бул келишимден бир тараптуу чыгып, бул жолду улантууга мүмкүн болбой калган», – деп белгиледи Пезешкян.
Рафаэль Гросси Ирандын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү менен өлкөнүн өзөктүк программасына байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн Тегеранга 13-ноябрь күнү келген. Сапардын алкагында ал Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Арагчи жана Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Мохаммад Эслами менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ирандын президенти мындан тышкары, Иран Жакынкы Чыгышта масштабдуу куралдуу кагылышууга кызыкдар эмес экенин, бирок өзүнүн коопсуздугун ар дайым камсыздай турганын баса белгиледи.
“Согуш Ирандын да, аймактын да, дүйнөнүн да кызыкчылыгына туура келбейт. Эч бир акыл-эси соо адам согуш ачып, жаңжалдын отуна май тамызгысы келбейт. Бирок, кандай шартта болбосун, биз коопсуздугубузга каршы жасалган ар кандай аракеттерге бекем жана чечкиндүү жооп беребиз”, – деди ал.
Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишим
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
АКШнын президенти Жо Байден Вашингтонду өзөктүк келишимге кайтарууга даяр экенин бир нече жолу билдирген. 2021-жылдын апрелинен бери Россия, Улуу Британия, Германия, Кытай, АКШ жана Франция Венада Иран тарап менен өзөктүк келишимди баштапкы түрүндө калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. 2022-жылдын 10-ноябрында МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Венадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы жыйынтыксыз аяктаганын билдирген.


















