16-марттан баштап Ирандын Киш аралынан Тажикстандын борбор шаары Душанбеге түз аба каттамы ачылды.
Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Тажикстандагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган каттамды Ирандын «Kish Airlines» авиакомпаниясы аткарат.
Билдирүүдө бул каттам Иран менен Тажикстандын ортосундагы маданий жана туристтик карым-катнаштарды арттырууда абдан натыйжалуу болушу мүмкүн экени белгиленет.
Хормозган провинциясында жайгашкан Киш аралы өзүнүн кооз жаратылышы менен белгилүү жана Ирандын түштүгүндөгү туристтер үчүн популярдуу жер.
Учурда Тажикстан менен Ирандын ортосундагы Душанбе-Тегеран-Душанбе түз аба каттамдарын “Somon Air” жана “Varesh Airlines” авиакомпаниялары аткарат.
Белгилей кетсек, Тегеран менен Душанбе виза режимин алуу тууралуу меморандумга 2023-жылдын ноябрында кол койгон.
Ага ылайык, Тажикстандын жана Ирандын жарандары 3-февралдан тартып бири-бирине аба жолдору менен визасыз каттай башташкан. Чет өлкөгө чыгуучу паспорту бар жарандар 90 күндүн ичинде бири бириникинде 30 күн визасыз жүрө алат. Ад эми мамлекеттик чек арадан үчүнчү өлкөдөн же унаа менен өткөн жарандар виза алышы керек болот.


















