Иран армиясынын координация боюнча башкы командачысынын орун басары, контр-адмирал Хабиболла Сайяри шаршемби күнү АКШны Иранга каршы мүмкүн болгон аскердик авантюралар тууралуу эскертти.
«Иран Ислам Республикасынын армиясы ар дайым даяр жана каалаган коркунучка каршы тура алат», — деди Сайяри.
Анын айтымында, АКШ аскердик коркутууларын уланта берсе, олуттуу зыянга учурайт.
«Эгер кандайдыр бир инцидент болсо, алар, албетте, катуу жабыркайт», — деп белгиледи тажрыйбалуу аскер жетекчиси.
Сөзүнүн дагы бир бөлүгүндө ал мындай деди: «Каршылаш аскердик аракеттер аркылуу максатына жете албаганда, маалыматтык жана гибриддик согуш аркылуу тынымсыз басым жасайт. Бирок бул тармакта да биздин тажрыйбабыз бар».
Командирдин айтымында, душманга каршы туруунун жалгыз жолу — биримдик.
«Өлкөнүн расмий өкүлдөрү да, элибиз да “жумшак күч”, гибриддик согуш жана когнитивдик согуш түшүнүктөрүн жакшы билишет. Азыркы шартта душмандын айла-амалдарына каршы туруунун жалгыз жолу — бул биримдик, ынтымак, координация, өз ара түшүнүү жана колдоо», — деп айткан Сайяринин сөзүн Press TV келтирет.
Адмирал Сайяри душман бул биримдикти бузууга аракет кылганын, бирок иран эли ар дайым анын амалдарын өз убагында токтотуп келгенин баса белгиледи.
АКШ Ирандын айланасында аскердик күчүн көбөйтүп жатат. Шейшемби күнү Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы аккаунтунда: «Иранга карай ири армада жөнөп жатат. Ал абдан ылдам, чоң күч, дем жана чечкиндүүлүк менен жылып баратат», — деп жазган.
«Америка Кошмо Штаттары “канонерка дипломатиясы” саясатын карманууда. Алар ири кемелерди жана көп сандагы техниканы жайгаштыруу аркылуу каршы тарапты коркутууга, зыян келтире ала тургандай таасир калтырууга аракет кылууда», — деди командир.


















