ИИРдин Жасалма интеллект, лазер жана кванттык технологиялар боюнча кеңештин катчысы Улуттук жасалма интеллект лабораториясынын ишке киргенин жарыялады. Ал белгилегендей, лабораториянын негизги милдеттеринин бири энергетикалык дисбаланс, абанын булганышы жана башка адамдардын күнүмдүк турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табуу.
Президенттик илим жана технология кеңешинин катчысы Бехруз Минаи: «Бул лабораторияны түзүүдөгү максатыбыз – адамдардын күнүмдүк жашоосуна таасир эткен көйгөйлөрдү чечүү үчүн жасалма интеллектти колдонуу жолдорун табуу», – деди.
Минаи ошондой эле буларга токтолду: «Акылдуу шаар долбоору БРИКС өлкөлөрү тарабынан колдоого алынат жана бул долбоорду ишке ашырууда Түштүк Африка, Кытай жана Орусия бизге колдоо көрсөтүүдө. Мындан тышкары, Улуттук деңиз экономикасын өнүктүрүү программасы да Жасалма интеллект боюнча кеңеш менен кызматташат. Лазердик жана кванттык технологиялар, бул программанын максаттарынын бири интеллектуалдуу портторду түзүү болуп саналат».


















