Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) “Саханд-антитеррор-2025” биргелешкен антитеррордук машыгуусу 4-декабрда Иранда өтөт.
Бул тууралуу ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев Тажикстанда өткөн КМШнын антитеррордук машыгуусунун жыйынтыгында маалымдады.
Анын айтымында, учурда аймактык антитеррордук түзүмүнүн ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук машыгуусу “Саханд-антитеррор-2025” боюнча акыркы даярдык иштери жыйынтыкталууда.
Шаршеев бул машыгуунун негизги бөлүгү жана жабылуу аземи 4-декабрда Ирандын Тебриз шаарына жакын жерде өткөрүлөрүн белгиледи.
Ал ошондой эле катышуучуларга жана байкоочуларга чакыруулар менен расмий программа жакынкы убакта жөнөтүлөрүн кошумчалады.
Эске салсак, КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдары катышкан “Шериктештик-антитеррор-2025” аттуу биргелешкен машыгуунун акыркы этабы өткөн жума күнү Тажикстанда болуп өттү. Бул иш-чара КМШнын Антитеррордук борборунун колдоосу менен уюштурулган. Машыгуунун бул этабына шериктештиктин жети өлкөсүнүн: Россия, Армения, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышкан.
Иран Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болуп 2023-жылы кирген.


















